22-2-статья. Фонддун контролдоо органдары
Күчүн жоготкон · 17.11.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 октября 2011 года № 173.
1. Фонд Фонддун ишинин максаттарына жетүүгө жагымсыз таасир
көрсөтүшү мүмкүн болгон материалдык, инвестициялык жана финансылык кор- кунучтарды туруктуу негизде аныктоого жана баалоого мүмкүндүк берүүчү ички контролдоо жана тобокелди башкаруу системасына ээ болууга тийиш. Мындай баалоо бардык тобокелдерди, анын ичинде кредиттик жана инвести- циялык тобокелди, валюталык тобокелди, топтоо тобокелин, ликвиддүүлүк тобокелин, операциялык тобокелди, юридикалык тобокелди, репутациялык тобокелди, саясий тобокелди жана башкаларды камтышы керек. Фонд ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүү системасына ээ болушу керек. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылыштарынын чөйрөсү аныкталууга, минималдаштырылууга жана көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө алынышы керек. Фонддун тобокелдерин оперативдүү көз карандысыз контролдоо үчүн Директорлор кењеши тобокел-менеджерди дайындайт, ал Фонддун тобокелде- рин башкаруу боюнча анын саясатын ишке ашырууга жооптуу болот. Тобо- кел-менеджер Фонддун Директорлор кењешине отчет берет.
2. Фонддо ички аудитор жүргүзүүчү ички аудит жүзөгө ашырылууга ти-
йиш, анын компетенциясына ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле Фонддун аткаруучу кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттердин бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык аткары- лышынын сапатын, мыйзамдардын сакталышын жана эсептин тууралыгын тек- шерүү жана баалоо жана Фонддун саясатына ылайык башка маселелер кирет. Фонддун ички аудитору дайындалат жана Директорлор кењешине отчет берет. Аудит жүргүзүү тартиби жана ага талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Директорлор кењеши тарабынан жана Фонддун уставы менен аныкталат.
Берененин тексти 17.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202168/st-22-2" title="22-2-статья - Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>