9-статья. Салттуу билимдерди каттоого же аны пайдаланууга укук берүүгө же мурда катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68
Салттуу билимдерди каттоого же аны пайдаланууга укук берүүгө же катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары - өтүнмө) өтүнүүчүнүн өзү же анын кызыкчылыгын билдирген, өз ишмердүүлүгүн мыйзам менен белгиленген тартипте өтүнүүчү берген ишеним каттын негизинде ишке ашырган өкүлү (өкүлдөрү) аркылуу берилет. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмөдө булар болушу керек:
1) өтүнүүчүнү, ошондой эле анын турган жерин жана жашаган жерин көрсөтүү менен салттуу билимди каттоо жөнүндө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүү жөнүндө арыз;
2) билдирилген салттуу билимдердин так жана толук баяндоосу, аны менен кошо:
- салттуу билимдин жаралган жери (географиялык объектинин чек аралары),
- салттуу билимдер менен байланышта пайдаланылуучу генетикалык ресурстун баяндоосу;
- пайдаланылуучу тармактар жана жетишилген өз натыйжалар;
- өтүнмө берилген салттуу билимдердин каттоо жөнүндө, мурда басылып чыккан жарыялоолор жөнүндө маалыматтар өтүнмөгө булар тиркелиши керек:
1) Салттуу билимди иш жүзүндө пайдаланууга жарактуулугун, ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө аны пайдаланган учурда өз жыйынтыгын ырастаган компетенттүү органдын берген расмий документи;
2) өтүнүүчү жергиликтүү шериктештиктин мүчөсү экендиги же салттуу билим ага таандык болуп саналган географиялык объектиде тургандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу.
Салттуу билимди каттоого өтүнмө мамлекеттик орган тарабынан берилген учурда аталган корутунду талап кылынбайт.
3) Чет өлкөлүк өтүнүүчү үчүн салттуу билим жаралган өлкөдө анын укугун ырастоочу документ.
Өтүнмөнүн документтерине карата коюлган талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же болбосо почта байланышынын уюму же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтерге талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коюлган талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же болбосо почта байланышынын уюму же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтерге талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № алынып салынды: 178 кошулду: 178, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202149/st-9" title="9-статья - Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>