8-статья. Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди патенттөө
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 мая 2018 года № 55
Кыргыз Республикасында салттуу билимдер болуп саналган объектилерди патенттөөгө жол берилбейт. Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди патенттөөдө өтүнүүчү өтүнмөнүн материалдарында прототип же оригинал катары пайдаланылган салттуу билимдердин келип чыгышын милдеттүү түрдө көрсөтүшү керек. Өтүнүүчү жалпыга маалымат үчүн салттуу билимдер өздөштүрүп алынган булактарды көрсөтүшү керек. Салттуу билим катталган күбөлүктүн ээси, салттуу билимди пайдалануу менен жараткан ойлоп табууга патент ээсинен сыйакы (эмгек акы) алууга укуктуу. Ойлоп табууну жаратуу максатында салттуу билимди пайдалануу үчүн сыйакы (эмгек акы) төлөөнүн тартиби салттуу билимдерге күбөлүктүн ээси менен ойлоп табуунун патент ээсинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат. Мында макулдашуу салттуу билимдерди пайдалануу үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондуна милдеттүү түрдө төлөмдөрдү чегерүүнү караштырат. Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди укук ченемсиз патенттөөдөн алдын алуу үчүн патент берилүүчү объектилерге экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылуучу салттуу билимдер боюнча маалымат базасы түзүлөт. Маалымат базасын калыптандыруу жалпыбызга жеткиликтүү болгон катталган салттуу билимдер жөнүндө маалыматтардын жана салттуу билимдер жөнүндө маалыматтардын негизинде ишке ашырылат. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202149/st-8" title="8-статья - Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>