2-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2015 года № 178
салттуу билимдер - убакыттын өтүшү менен, белгилүү бир тартипте жана мааниде, бир муундан экинчи муунга өтүп, адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү тармактарында колдонулуучу билимдер, усулдар жана ыкмалар; салттуу билимдердин ээлери - салттуу билимдерге ээ болушкан, уюштуруучу укуктук формасы жана менчигинин түрү ар кандай жергиликтүү шериктештиктер, жеке жана юридикалык жактар; жергиликтүү шериктештик - административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыйындысы; генетикалык ресурстар - ал өзүнө салттуу билимдердин ээлери ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө белгилүү иш натыйжаларын алуу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон, жердеги жана сууда жана башка жакта болуучу бүткүл жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн камтыйт. фонд - ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдүн негизинде жеке жана юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү же башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн мүчөлүгү болбогон уюм. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202149/st-2" title="2-статья - Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>