1-1-статья. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 1-глава
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. Ушул Мыйзам салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди, анын ичинде өлкөнү андан ары туруктуу өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый мурасы жана кенчи болуп саналган салттуу билимдерди пайдалануудан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган генетикалык ресурстарды (мындан ары - салттуу билимдер) пайдалануу менен салттуу билимдерди бекемдейт. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202149/st-1-1" title="1-1-статья - Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>