1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: кан - донордон даярдалган жана кайра куюу же болбосо андан ары өндүрүшкө пайдалануу үчүн кайра иштетилген нак кан; кандын жана анын компоненттеринин донору - медициналык максаттар үчүн канын жана анын компоненттерин ыктыярдуу берген жеке адам; кандын компоненттери - ар кандай ыкмалар менен нак кандан даярдалышы мүмкүн болгон, дарылоо максаттары үчүн пайдаланылуучу канды түзө турган элементтер (эритроциттер, лейкоциттер, тромбоциттер, плазма, плазманы түзүүчүлөр); кан препараты - ар кандай технологияларды колдонуу менен адамдын канынан же плазмасынан алынган дары-дармек каражаты; плазмаферез - акырында кандын айрым элементтерин ага кайтарып, канды бөлүү жолу менен донордон кан плазмасын алуу методу, эки эселенген плазмаферез - ырааттуу түрдө эки этаптуу плазмаферез жолу менен донордон кан плазмасын алуу методу; иммундук плазма берүү - айрым ооруларды дарылоо же кандын препараттарын алуу үчүн максаттуу таасир бергидей плазма алууну көздөп, алдын ала атайын заттардын таасирине кабылган донорлордун плазма берүүсү; кан кызматы - алдына кандын сапаттуу компоненттери жана препараттары менен дарылоо - профилактикалык уюмдарын камсыз кылуу максаты коюлган, донордук канды жана анын компоненттерин даярдоо, кайра иштетүү, сактоо боюнча саламаттык сактоонун мамлекеттик тутумунун атайын медициналык мекемелеринин жыйындысынан турган саламаттык сактоо тармагы; донорлук функция - медициналык максаттар үчүн канды жана анын компоненттерин берүү жол-жобосун аткарууну жана медициналык жактан иликтөөнү камтыган донордун ыктыярдуу актысы; реципиент - донордун каны же анын компоненттери менен препараттары куюлуучу пациент; кандын консервациясы - узак мөөнөт бою кандын курамын жана касиеттерин сактоо үчүн шарттарды түзүү максатында консервациялоочу чөйрөдө донордук канды даярдоо; кан берүү (канды берүү) - донор тарабынан берилүүчү кандын бир жолку көлөмү; кан берүү пункту - стационардык жана көчмө шарттарда кан жана анын компоненттери алынуучу жер; ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын борбордук аткаруу органы.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-майындагы № 286 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 13.05.2015 · № 286 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-декабрындагы №693 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 16.12.2008 · № 693 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202129/st-1" title="1-статья - Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>