Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 16-декабры № 693
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мый-
зам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2007-жылдын 10-июлу, № 50)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 12-статьянын 1-пунктундагы "тандаганына жараша акысыз тамак-аш
же болбосо бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү акчалай эквивалент бе-
рилет" деген сөздөр "бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамактанууга
акчалай компенсация берилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 14-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептел-
син.
3. 15-статьянын 1-пунктунда:
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецепттери боюнча
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктачу жењилдик-
түү шарттарда дары каражаттарды алууга;";
- 9-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасы-
нын Саламаттык сактоо министрлиги аныктачу жењилдиктүү шарттарда меди-
циналык тейлөөгө;";
- 11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген нормалардын чегинде
электр энергиясын пайдалангандык үчүн акы төлөөдөгү жењилдиктерге;";
- 1, 4, 5 жана 12-пунктчалары күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 22-январындагы № 905-IV ""Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"…Постановление · 22.01.2009 · № 905-IV
- КР Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 5-февралындагы № 942-IV "Кан жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 05.02.2009 · № 942-IV
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндөЗакон · 02.07.2007 · № 96 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон