13-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерин камсыздандыруу
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Чакан ишкерликтин субъекттерин камсыздандыруу жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат, мында чакан ишкерликтин субъекттерин камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу уюмдары колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат. Чакан ишкерликти колдоо фонддору камсыздандыруу уюмдарына чакан ишкерликтин субъекттерин жеңилдетилген шарттарда камсыздандырган учурда алардын толук алалбай калган кирешелерин толугу менен же айрым бөлүгүн компенсациялоого укуктуу. Компенсациялоонун көлөмү, тартиби жана шарттары камсыздандыруу уюму менен чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-13" title="13-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>