12-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору аталган коомдун катышуучуларынын убактылуу бош турган каражаттарын аларга финансылык жардам көрсөтүү максатында чогултуу үчүн түзүлөт. Чакан ишкерликтин субъекттеринин өз ара кредит берүү коомдору: өзүнүн резервдерин башкарууну банкка - депозитарийге же башка кредиттик уюмдарга тапшыра алышат; аталган коомдордун катышуучуларынын аманаттарынын (акыларынын) көлөмүн, мезгилдүүлүгүн жана салуу тартибин, ошондой эле аларга финансылык жардам көрсөтүүнүн жеткен чектерин, мөөнөттөрүн жана шарттарын аныктай алышат; аталган коомдордун катышуучулары болбогон жеке жана юридикалык жактарга акча каражаттарын берүүгө укугу жок.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-12" title="12-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>