14-статья. Чакан ишкерликтин субъекттеринин мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукцияларды жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө катышуусу
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукциялардын жана товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) айрым түрлөрүн өндүрүүгө жана жөнөтүүгө чакан ишкерликтин субъекттери үчүн тапшырыктардын белгилүү үлүштөрүн резервдөөнү, стимулдаштыруучу гранттарды берүүнү алдынала караштырат. Мамлекеттик тапшырык берүүчүлөр тапшырыктарды түзгөндө жана жайгаштырганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин муктаждыктары үчүн түрлөрү боюнча артыкчылык берилген продукцияларды жана товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга жана жөнөтүүгө мамлекеттик контракттарды түзгөн учурда чакан ишкерликтин субъекттеринин ортосунда өндүрүлө турган продукциянын аталган жөнөтүүсүнө конкурстардын негизинде анын бул түрүнө болгон мамлекеттин муктаждыгы үчүн жалпы көлөмдүн кеминде 20 пайызын чакан ишкерликтин субъекттерине жайгаштырууга милдеттүү.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-14" title="14-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>