11-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген кредит берүү
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берүү тиешелүү айырманы кредиттик уюмдардын чакан ишкерликти колдоо фонддорунун каражаттарынын эсебинен компенсациялоо менен жүзөгө ашырылат. Мында чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берүүнү жүзөгө ашырган кредиттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерден пайдаланышат. Чакан ишкерликти колдоо фонддору кредиттик уюмдардын чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген шарттарда кредит берген учурда алардын алынбай калган кирешелерин толугу менен же айрым бөлүгүн компенсациялоого укуктуу. Компенсациялоонун көлөмү, тартиби жана шарттары кредиттик уюм менен чакан ишкерликти колдоонун тийиштүү фондунун ортосундагы келишим менен белгиленет.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-11" title="11-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>