10-статья. Тездетилген амортизация
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Чакан ишкерликтин субъекттери тийиштүү негизги өндүрүштүк фонддор үчүн белгиленгенден эки эсе ашык ченемдерди өндүрүшкө кеткен чыгымдарга чегерүү менен негизги өндүрүштүк фонддордун тездетилген амортизациясын колдонууга укуктуу. Чакан ишкерликтин субъекттери тездетилген амортизация механизмин колдонуу менен бирге амортизациялык чегеримдер катары иштөө мөөнөтү үч жылдан ашкан негизги фонддордун алгачкы наркынын 50 пайызга чейинкисин эсептен кошумча чыгара алышат. Чакан ишкана каттоодон өткөн учурдан тартып бир жылга жетпеген мөөнөттө өз ишин токтоткон учурда кошумча чегерилген амортизациянын суммасы аталган чакан ишкананын балансылык кирешелеринин көбөйүшүнүн эсебинен калыбына келтирилүүгө тийиш.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-10" title="10-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>