9-статья. Парник газдарынын эмиссиясын жана жутулушун инвентаризациялоо
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 3-глава
1. Инвентаризацияны парник газдарынын эмиссиясынын же жутулушунун булактары бар жаратылышты пайдалануучулар, ошондой эле дагы башка атайын компетенттүү уюмдар же белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан дайындалган уюмдардын бөлүмдөрү же белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аттестацияланган жеке адамдар жүргүзөт. Компетенттүү юридикалык жактарды дайындоо тартиби жана жеке адамдарды аттестациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Парник газдарынын эмиссиясынын объекттери боюнча парник газдарынын эмиссиясын инвентаризациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдик-усулдук документтерди пайдалануу менен парник газдарынын эмиссиясынын субъекттеринин эсебинен жүргүзүлөт. Мындай учурда парник газдарынын эмиссиясынын субъекттери тарабынан өндүрүлүүчү инвентаризацияга жумшалган чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте продукциянын, жумуштун кызмат көрсөтүү боюнча өзүнө турган наркына тиешелүү болот.
3. Парник газдарынын инвентаризациясынын жыйынтыктары верификациядан кийин Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун Мамлекеттик кадастрында эсепке алынууга тийиш.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-9" title="9-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>