10-статья. Парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мониторинги
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 3-глава
1. Парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мониторинги климаттын өзгөрүлүшүндөгү жөнгө салууну жана контролду ишке ашыруучу мамлекеттик органдарды, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарды парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун объекттеринен парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун деңгээли жөнүндө ишенимдүү маалымат менен өз убагында камсыз кылыш үчүн жүргүзүлөт.
2. Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мониторингин ишке ашыруу максатында белгиленген мөөнөттөрдө парник газдарынын мониторингинин тутуму киргизилиши же атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте аттестациядан өткөрүлгөн адамга мониторинг жүргүзүү ташпырылышы керек. Парник газдарынын эмиссияларынын мониторинги парник газдарынын эмиссиясынын субъекттери тарабынан өз эсебинен жүргүзүлөт, мониторинг тутумун жүргүзүүгө жумшалган чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте парник газдарынын эмиссиясынын субъекти тарабынан чыгарылуучу продукциянын, жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын өзүнө турган наркына киргизилет.
3. Парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мамлекеттик мониторинги айлана-чөйрөнүн мониторингинин тутумдаш бөлүгү болуп эсептелет.
4. Парник газдарынын чыгындыларынын мониторингинин жыйынтыктары атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлгөн верификациядан кийин Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастрында эсепке алынууга тийиш.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-10" title="10-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>