8-статья. Парник газдарынын эмиссиясына жана жутулушуна байланыштуу чарбалык ишке коюлуучу чектөөлөр
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылышты пайдалануучулар тарабынан парник газдарынын эмиссиясынын булактарынын пайдаланылышына ошол жаратылышты пайдалануучуда парник газдарынын эмиссиясынын булактарынын иш жүзүндөгү эмиссияларын жапкыдай чектүү жол берилген эмиссиянын жетиштүү көлөмү (квотасы) болгондо гана жол берилет.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары парник газдарынын чыгарылышына жана алардын жутулушунун алдыңкы технологияларын колдонууга, парник газдарынын эмиссияларын азайтуу боюнча чараларга колдоо көрсөтүшү, ошондой эле энергиянын кайталанма булактарын өнүктүрүүгө түрткү бериши керек.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында парник газдарынын эмиссиясына жана жутулушуна байланыштуу ар кандай чарбалык иш ушул Мыйзамдын жоболоруна, ошондой эле парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушуна байланыштуу ишти жөнгө салуу жагына тиешелүү дагы башка мыйзамдык актыларга ылайык гана ишке ашырылышы мүмкүн.
4. Чарбалык, дагы башка иштин объектилерин долбоорлоо, жайгаштыруу, куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу учурунда, шаардык, дагы башка конуштарды куруу учурунда мурда пайдаланылып келген аналогдорго салыштырганда парник газдарынын эмиссияларынын тикелей жана обочо деңгээлин азайтууга алып келүүчү алдыңкы техника жана технологияларды пайдалануу камсыз кылынышы керек.
5. Парник газдарынын булактары бар юридикалык жана жеке жактар парник газдарынын эмиссиясын азайтуу же көбөйтүү, ошондой эле парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу боюнча мониторинг тутумун киргизүү, анын иш жүзүндөгү деңгээли боюнча отчеттуулукту даярдоо жагынан иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-8" title="8-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>