7-статья. Коомчулуктун ыйгарым укуктары
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 2-глава
1. Коомчулук климат долбоорлорунун учурдагы абалы жөнүндө парник газдарынын эмиссиясын жана жутулушун жөнгө салуу жагындагы мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан бардык чаралар, анын ичинде укук жагындагы чаралар, ошондой эле парник газдарынын эмиссияларын жана агымдарын инвентаризациялоонун жыйынтыктары тууралу маалыматты тоскоолсуз алууга укуктуу.
2. Климат долбоорлорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу стадияларында чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун катышуусу милдеттүү болуп эсептелет.
3. Климат долбоорлорун иштеп чыгуу, жактыруу жана ишке ашыруу стадияларында чечимдердин кабыл алынышына коомчулуктун катышуу механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-7" title="7-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>