2-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын түшүнүктөрү жана аныктамалары, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаган болсо, мыйзамдардын ушул тармактарында кандай мааниде колдонулса, ошондой эле мааниде колдонулат.
2. Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
климат долбоорунун базалык линиясы - климат долбоору болбогон учурда парник газдарынын эмиссиясынын объекттеринен чыгаруу парник газдарынын эмиссиясынын динамикасын чагылдыруучу сценарий; базалык жыл - Бириккен Улуттар Уюмунун Климатты өзгөртүү жөнүндө Алкактуу конвенциясы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Климатты өзгөртүү жөнүндө Киот протоколу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жагынан иш-аракетке баа берүү үчүн парник газдарынын эмиссиясы пайдаланылуучу жыл; валидация (ырастоо) - базалык линиянын инвентаризациясын, мониторингин, эсеп-кысабын жүргүзүүнүн тиешелүү методикаларын жана тартиптерин пайдалануунун тууралыгын текшерүү, ошондой эле иштин ушундай түрүн жүзөгө ашырууга атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тиешелүү тартипте уруксат алган көзкарандысыз уюм тарабынан ишке ашырылуучу климат долбоорлорунун парник газдарынын эмиссиясын кыскартуунун мониторингине жана верификациясына план даярдоо боюнча иш-чаралар; верификация (накталыгы) - парник газдарынын эмиссиясын инвентаризация кылуу жана анын мониторингинен чыккан жыйынтыктарды, ошондой эле климат долбоорун жүзөгө ашыруу менен жетишилүүчү иштин ушундай түрүнө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тиешелүү тартипте уруксат алган көзкарандысыз уюм тарабынан ишке ашырылуучу текшерүү учурунда климат долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында жетишилген парник газдарынын эмиссиясынын иш жүзүндө кыскарышын текшерүү боюнча иш-чаралар; Парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастры - парник газдарынын эмиссиясын жана жутулушун убактылуу динамикада чагылдыруучу парник газдарынын эмиссиясы менен жутулушунун деңгээлдерин кошо көрсөткөн парник газдарынын эмиссиясы менен жутулуш объекттеринин тизмеги; парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы иш - коммерциялык эмес уюмдар, мамлекеттик органдар, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу, анын ичинде климат долбоорлорун жүзөгө ашыруу менен байланышкан дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан ишке ашырылуучу иштин ар кандай түрү; парник газдарынын эмиссиясынын сан-эсебин өлчөөчү бирдик көмүртек диоксидинин бир тоннасы; климаттын өзгөрүшү - салыштырылуучу мезгил ичинде байкалган, климат тутумсынын курамы өзгөрүлүшүнө алып келип, климаттын табигый өзгөрмөлүүлүгүнөн көрүнгөн жердин географиялык абалына мүнөздүү атмосфералык шарттардын статистикалык режиминин өзгөрүлүшү; парник газдарынын эмиссиясынын инвентаризациясы - тиешелүү маалыматтарды жыйноо, жалпылоо жана анализдөө боюнча иш-чаралардын комплекси, ошондой эле белгиленген методикалар боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлгөн парник газдардын иш жүзүндөгү эмиссияларынын деңгээлине берилген баа, анын эсеп-кысабы жана/же өлчөнүшү; мунун натыйжасы - ишенимдүүлүктүн алгылыктуу деңгээлинде тийиштүү жыл үчүн парник газдарынын иш жүзүндөгү эмиссияларынын деңгээли жөнүндөгү маалымат; парник газдарынын булагы - иштетилиши парник газдарынын эмиссиясына алып келүүчү өнөр жай, айыл чарба же дагы башка маанидеги бир же андан ашуун объектиден турган мүлк комплекси; парник газдарынын жутулуш булагы - өсүп турушу парник газдарынын жутулушуна алып келүүчү токой чарбасынын же курчал турган чөйрөнүн дагы башка объектисинин обочолонгон бирдиги; парник газдарынын чыгындыларына квота - таасир берүүчү мөөнөтү бар парник газдарынын эмиссиясынын уруксат берилген деңгээли, мунун учурунда квота ээсине өз объектилеринен парник газдарынын чыгындыларынын тиешелүү көлөмүн тышка чыгарууга укук берилет. Квотанын ээси ушул Мыйзам койгон шарттарга карап, өз укугун пайдалануудан баш тарта алат; климат тутуму - атмосферанын, гидросферанын, биосферанын жана геосферанын жыйындысы жана алардын өз ара аракети; климат долбоору - тиешелүү тартипте верификация кылынган (ырасталган) жана катталган парник газдарынын эмиссиясын кыскартуучу жана/же парник газдарынын жутулушун көбөйтүүчү иш-чаралардын долбоору; парник газдарынын сан-эсебин кайра алуунун коэффициенттери - ар бир парник газы үчүн көрсөткүчтөр; булар глобалдуу климатка парник газдарынын ар бири тийгизген таасирдин күчүнө Климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык эксперттер тобу тарабынан белгиленген парник газдарынын эмиссиясынын сан-эсебин алуу бирдиктеринин эквивалентинде баа берүүгө мүмкүндүк берет; парник газдарынын эмиссиясынын мониторинги - сандык жана сапаттык курамы жагынан парник газдарынын иш жүзүндөгү эмиссияларына байкоо жүргүзүү, булар бекитилген методикалар боюнча парник газдарынын эмиссиясынын объектилери жана субъектилери боюнча ишке ашырылат; таза өнүктүрүү механизми - Киот протоколунун механизми, бул Бириккен Улуттар Уюмунун Климатты өзгөртүү жөнүндө алкактуу конвенциясынын I тиркемесине киргизилбеген өлкөлөргө жардам көрсөтүүгө, үздүксүз өнүгүүнү камсыз кылууга жана Климатты өзгөртүү жөнүндө алкактуу конвенция өзүнүн түпкү максатына жетишине көмөк көрсөтүүгө, Бириккен Улуттар Уюмунун Климатты өзгөртүү жөнүндө алкактуу конвенциясынын I тиркемесине киргизилген өлкөлөргө жардам көрсөтүүгө, парник газдарынын эмиссияларын чектөө жана кыскартуу боюнча өздөрүнө алган сандык милдеттенмелерин сактоону камсыз кылууга багытталат. парник газдарынын эмиссиясын ченемге салуу - уруксат берилген квоталарынын деңгээлин инвентаризациядан өткөрүүнүн негизинде парник газдарынын эмиссиясын аныктоо; парник газдарын жутуучу объект - иштеши парник газдарынын жутулушуна алып келүүчү өнөр жай, айыл чарба же дагы башка багыттагы объект; парник газдарынын чыгындыларына квоталарды жүгүртүү - парник газдарынын эмиссиясына квоталарды ажыратуу жана/же алуу боюнча өткөрүп берүү, жол берүү, сатып алуу-сатуу, күрөөгө берүү, алмашуу, дагы башка иш-аракет, анын ичинде:
- биржалык жүгүртүү - биржа соодасынын принциптеринде квоталарды жүгүртүү;
- ички корпоративдик жүгүртүү - квоталарды парник газдардын эмиссиясынын ички корпоративдик субъекттеринин ортосунда же парник газдарынын эмиссиясынын жалпы уруксат берилген деңгээли бар жана парник газдарынын эмиссиясынын деңгээли боюнча консолидациялашкан отчеттуулукту билдирүүчү көзкаранды юридикалык жактардын ортосунда ишке ашырылуучу квоталарды бир юридикалык жактын ичинде жүгүртүү;
- улуттук жүгүртүү - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин - анын аймагындагы чарбалык иш субъекттеринин ортосунда квоталарды жүгүртүү;
парник газдарынын эмиссиясынын уруксат берилген деңгээлин сактоо боюнча отчеттук мезгил - парник газдарынын эмиссиясынын уруксат берилген мезгили белгиленген, парник газдарынын эмиссиясына квоталардын тиешелүү көлөмү бөлүнгөн жана алардын жыйынды мааниси аныкталган мыйзам түрүндө чектелген мезгил аралыгы; парник газдары - инфракызыл нурду жутуучу жана кайра чыгаруучу атмосферанын газ түрүндөгү курандылары; парник газдарын жутуучу - атмосферадан парник газдарын жутуучу ар кандай процесс, иштин түрү же механизми; парник газдарынын эмиссиясынын уруксат берилген деңгээли - атмосферага бекер чыгарууга уруксат берилген парник газдарынын чек саны; бул иштин укугу эмиссиянын конкреттүү субъектисине таандык болот; парник газдарынын чыгындыларына квоталардын рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагында парник газдарынын эмиссиясына квоталарды жүгүртүүгө байланышкан чарбалык иш субъекттеринин ортосунда келип чыгуучу мамилелердин жыйындысы; парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутуму - учурда да, кийин да парник газдарынын эмиссиясына квоталарды сатып алууга-сатууга байланышкан сатып алуучуларга контракт мамилелерин ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү парник газдарынын эмиссиясына квоталарды сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин усулдарын аныктоочу парник газдарынын эмиссиясына квоталарды жүгүртүүнүн уюштурулган тутуму, анын ичинде парник газдарынын эмиссиясына квоталарды соодалоо тутуму (көзкаранды юридикалык жактар ортосунда же ички корпоративдик деңгээлде бир юридикалык жактын ичинде иштеп, парник газдарынын эмиссиясына квоталардын ички корпоративдик жүгүртүлүшүн камсыз кылуучу парник газдарынын эмиссиясына квоталарды соодалоо тутуму); парник газдарынын жутулушунун субъекти - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте катталган жутуу булагынын чарбакер субъекти жана ээси болуп эсептелген юридикалык же жеке жак; парник газдарынын эмиссиясынын субъекти - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте катталган парник газдарынын эмиссиясы чарбакер субъекти жана ээси болуп эсептелген юридикалык же жеке жак; парник газдарынын эмиссиясы (чыгындылары) - конкреттүү бир мезгил аралыгында парник газдарынын атмосферага чыгарылышы. (КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-2" title="2-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>