3-статья. Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик саясаттын негиздери
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 1-глава
Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик саясат төмөндөгүдөй негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруу;
2) парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы иштин айлана-чөйрөнү коргоого жана калктын саламаттыгына, экономикалык өнүгүштүн артыкчылыктарына, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келиши;
3) парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик саясаттын Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук мамлекеттик саясатынын тутумдаш бөлүгү катары биримдиги;
4) парник газдарынын эмиссиясын турукташтыруу жана кыскартуу боюнча көрүлүүчү чаралардын улуттук саясатынын артыкчылыктуу багыты;
5) улуттук жана экологиялык коопсуздукту, саясий жана экономикалык кызыкчылыктарды камсыз кылууда мамлекеттик милдеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын парник газдарынын эмиссияларын стабилдештирүү жана кыскартуу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатын көздөгөн парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жана аны ишке ашырууга контроль жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу тутумунун биримдиги;
6) эл аралык укуктун ченемдеринде бекитилген экономикалык механизмдерди пайдаланууну илгерилетүү;
7) парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы иштин экономиканын абалына, материалдык-техникалык базага жана илимий-техникалык өнүгүштүн деңгээлине шайкеш келиши;
8) парник газдарынын эмиссиясы жана жутулуш чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун экономикалык чараларынын артыкчылыгы;
9) парник газдарынын чыгындыларынын жана эмиссияларынын булактарынын бардык секторлорунда ушул Мыйзамдын максаттарына карама-каршы келген рынок диспропорцияларын, фискалдык усулдарды рынок механизмдерине алмаштыруу менен акырындап кыскартуу жана четтетүү;
10) аткаруу бийлигинин органдарына климат долбоорлоруна жана программаларына катышуучулардын иш-милдеттерин мамлекеттик контроль органынын ыйгарым укуктары менен бирге алып жүрүүгө жол берилбестиги;
11) бардык булактардан жана жутуучулардан чыккан, ошондой эле жүзөгө ашырылган климаттык долбоорлордун натыйжасында пайда болгон парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун мониторингинин жана эсепке алынышынын мамлекеттик тутумунун иштешин камсыз кылуу;
12) парник газдарынын эмиссиясынын иш жүзүндөгү жана болжолдонгон сан-эсеби жөнүндө маалыматтын жана климаттык долбоорлордун натыйжаларын эркин алууну камсыз кылуу;
13) парник газдарынын инвентаризациясы, мониторинги, ырасталышы жана алардын эмиссиясы менен жутулушунун верификациясы боюнча жумуштардын жүргүзүлүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аларды эсепке алуу жана жүргүзүү усулдарына мамлекеттик контроль;
14) ачык-айкындык жана калыстык принциптеринде ырастоону жана верификацияны ишке ашыруу;
15) парник газдарынын эмиссиясына жана алардын жутулушуна байкоо жүргүзүүнүн бардыгын камтышы жана үзгүлтүксүздүгү;
16) парник газдарынын эмиссиясынын жана жутулушунун көлөмдөрүнө байкоо жүргүзүү, өлчөө, эсепке алуу жана контролдоо усулдарынын, ошондой эле байкоо жүргүзүүнүн жана маалыматты эсепке алуунун натыйжасында алынган маалыматты жайылтуу, мониторинг, жыйноо, иштеп чыгуу, сактоо усулдарынын биримдиги жана салыштырмалуулугу;
17) парник газдарынын эмиссиясын жана жутулушун эсепке алуунун жана алардын мониторингинин ички мамлекеттик, чет өлкөлүк жана эл аралык тутумдары менен интеграциялоо;
18) пайдалануучулар үчүн парник газдарынын иш жүзүндөгү жана болжолдонгон эмиссиялары жөнүңдө маалыматтын ишенимдүүлүгүн жана анын жетимдүүлүгүн камсыз кылуу;
19) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык дагы башка чараларды ишке ашыруу;
20) Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү атмосферада парник газдарынын болуш мониторингинин мамлекеттик тутумунун иштешин камсыз кылуу жана өлчөө жыйынтыктарынын маалымат базасын түзүү.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-3" title="3-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>