11-статья. Парник газдарынын эмиссияларынын инвентаризациясын жана мониторингин верификациялоо, климат долбоорлорунун натыйжасында парник газдарынын эмиссиясынын кыскарышынын жана жутулушунун көбөйүшү
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы · 3-глава
1. Ырастоо жана верификация Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан, ошондой эле белгиленген тартипте компетенттүү юридикалык жактар же аттестацияланган жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт. Компетенттүү юридикалык жактарды дайындоонун тартиби жана жеке жактарды аттестациялоо Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
2. Климат долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжасында бекитилген методикаларды пайдалануу процесси жана инвентаризацияны, парник газдарынын кыскартылган эмиссияларынын верификациясын жана мониторингин, мониторинг планын даярдоо валидацияланууга (ырасталууга) тийиш.
3. Парник газдарынын эмиссияларынын инвентаризациясынын, мониторингинин жыйынтыктары жана парник газдарынын эмиссияларынын азайышына жана парник газдарынын жутулушунун көбөйүшүнө алып келүүчү климат долбоорлорунун жыйынтыктары верификацияланууга тийиш.
4. Верификация жөнүндөгү маалымат Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастрында чагылдырылат. Парник газдарынын эмиссиясынын деңгээлинин бирдиктүү документ түрүндө ырасталышы Парник газдарынын эмиссияларынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастрынан алынган көчүрмө болуп эсептелет.
5. Валидацияны (ырастоону) жана верификацияны ишке ашыруучу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте анын жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүнө жооптуу болушат.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202104/st-11" title="11-статья - Парник газдарынын эмиссиясы жана жутулушу жагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>