Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 марта 2008 года № 86 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-03-15.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 15-мартындагы N 86 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 30-декабры № 639
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жарандардын кайрылууларын кароонун
тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат.
1. "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ту-
уралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити,
2007-жылдын 22-майы, № 37) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кир-
гизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:
"6) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарынын улуктугу жана жаран жана адам укуктарынын жана эркин-
диктеринин артыкчылыктары;
7) кызматтык милдеттерин аткарышы үчүн жеке жоопкерчилик;
8) кайрылууларды кароодогу контролдонуучулук жана отчеттуулук.".
2. 7-статьянын 1-пунктунда:
- "жарандарды" деген сөздөн кийин "жумасына бир жолудан кем эмес"
деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Республиканын алыскы региондорунан келген жарандар токтоосуз ка-
был алынууга укуктуу.".
3. 9-статьяда:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Эгерде кат жүзүндөгү кайрылуунун тексти окууга кыйын болсо,
анда жетекчи же ушул кайрылууну караган кызматкер тарабынан арыздануучу
кайрылуунун мањызын жана жүйөөсүн тактоо жана түшүндүрүп берүү үчүн ча-
кырылат. Мында жетекчи же кайрылууну караган кызматкер арыздануучу ме-
нен байланыша албаса, ал андан ары каралбайт жана ал мамлекеттик орган-
га, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына алардын
компетенциясына ылайык жиберилбейт жана ушул туурасында арыз ээсине кат
жүзүндө билдирилет, эгерде кайрылууда анын аты-жөнү жана почта дареги
окулса.";
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Калган бардык учурларда мамлекеттик бийлик органында, өз алдынча
башкаруу органында жарандардын кайрылуулары боюнча өндүрүштү токтотуу
жөнүндө чечимди жетекчи же анын орун басары кабыл алууга укуктуу.".
4. 12-статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда ба-
яндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана ушул Мыйзамда жана
Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген жарандардын
кайрылууларын кароонун тартибин жөнгө салуунун талаптарын сактоого;".
5. 16-статья "бузгандыгы үчүн" деген сөздөн кийин "жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2008 · № 86 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-мартындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.03.2008 · № 86 · Күчүн жоготкон