13-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын милдеттери
Күчүн жоготкон · 08.07.2019 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июля 2019 года № 82.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 мая 2015 года № 115
Мамлекеттик статистика органдары төмөндөгүлөргө милдеттүү: республикада жана анын региондорунда болуп жаткан экономикалык, социалдык жана демографиялык процесстерге, экологиялык кырдаалга статистикалык байкоо жүргүзүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө; Статистикалык иштердин программасы же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери менен аныкталуучу көлөмдөгү, формадагы жана мөөнөттөгү статистикалык маалыматты мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына берүүгө; статистикалык маалыматты таратууну камсыз кылууга, Статистикалык иштердин программасына ылайык статистикалык жыйнактарды, басылмаларды, бюллетендерди, баяндамаларды, экспресс-маалыматты ж.б.у.с. басып чыгарууга, пресс-конференцияларды өткөрүүгө; статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык методологиясын жана отчеттук-статистикалык документациясын иштеп чыгууга жана бекитүүгө; Статистикалык иштердин программасына ылайык респонденттерди отчеттук-статистикалык документтер менен камсыз кылууга; Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик каттоосун жүргүзүүнү жана чарбалык иштин субъекттерине идентификациялык коддорду ыйгарууну камсыз кылууга; статистикалык маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуу технологиясынын өнүгүшүн жана өркүндөтүлүшүн камсыз кылууга; мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык органдардан алынган статистикалык маалыматты, ошондой эле эсеп бирдигинин деңгээлинде баштапкы администрациялык маалыматтарды топтоону, сактоону, коргоону, алардын купуялуулугун сактоону камсыз кылууга; эларалык жана региондор аралык статистикалык салыштырууларды ишке ашырууга, эларалык статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды кеңири пайдаланууга; Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелеринё ылайык эл аралык уюмдарга статистикалык маалыматты берүүгө, ошондой эле башка өлкөлөрдүн статистикалык органдары менен статистикалык маалыматтарды алмашууга; мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө милдеттенме алууга жана аны ачыкка чыгарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартууга. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 февраля 2013 года № 27 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной статистике""Редакцияларды салыштыруу
22.05.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…социалдык жана демографиялык процесстерге, экологиялык кырдаалга алынып салынды: ста-
тистикалык кошулду: статистикалык байкоо жүргүзүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө;
Статистикалык иштердин программасы же Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмө-
түнүн кошулду: Өкмөтүнүн айрым чечимдери менен аныкталуучу көлөмдөгү, формадагы жана алынып салынды: мөө-
нөттөгү кошулду: мөөнөттөгү статистикалык маалыматты мамлекеттик бийлик органдарына жана … бюллетендерди, баяндамаларды, экспресс-маалыматты ж.б.у.с. басып алынып салынды: чыга-
рууга, кошулду: чыгарууга, пресс-конференцияларды өткөрүүгө;
статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн … жана отчеттук-статистикалык документациясын иштеп чыгууга жана алынып салынды: бекитүү-
гө;
кошулду: бекитүүгө;
Статистикалык иштердин программасына ылайык респонденттерди алынып салынды: отчет-
тук-статистикалык кошулду: отчеттук-статистикалык документтер менен камсыз кылууга;
Статистикалык бирдиктердин жалпы … чыгуу технологиясынын өнүгүшүн жана өркүндөтүлүшүн камсыз кылууга;
кошулду: мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык органдардан алынган статистикалык алынып салынды: маалыматты топтоо, сактоо, коргоо жана кошулду: маалыматты, ошондой эле эсеп бирдигинин деңгээлинде баштапкы администрациялык маалыматтарды топтоону, сактоону, коргоону, алардын купуялуулугун алынып салынды: сактоо иштерин кошулду: сактоону камсыз кылууга;
эларалык жана региондор аралык статистикалык салыштырууларды ишке ашырууга, эларалык статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды алынып салынды: ке-
њири кошулду: кеңири пайдаланууга;
Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелеринё … сырды сактоо жөнүндө милдеттенме алууга жана аны алынып салынды: ачык-
ка кошулду: ачыкка чыгарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартууга.
(КР 2013-жылдын 22-февралындагы № алынып салынды: 27 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 27, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- ПРОГРАММА развития статистики в Кыргызской Республике на 2001-2005 годы ( Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 11 декабря 2000 года N 731)Программа · 11.12.2000 · № 731 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 501 токтомуПостановление · 20.07.2015 · № 501
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202074/st-13" title="13-статья - Мамлекеттик статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>