12-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын укуктары
Күчүн жоготкон · 08.07.2019 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июля 2019 года № 82.
Мамлекеттик статистика органдары төмөндөгүлөргө укуктуу: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жөнүндөгү мыйзамдарынын колдонулушу жайылтыла турган бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон статистика, эсепке алуу жана отчеттуулуктун маселелери боюнча чечимдерди өз компетенциясынын чегинде кабыл алууга; Бардык респонденттерден, аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын, банктарды кошо алганда, статистикалык байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга керек болуп жаткан статистикалык маалыматты, бухгалтердик эсептин маалыматтарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен алынуучу алуу мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматты, ошондой эле аларга тиркелүүчү түшүндүрүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө акысыз алууга; баштапкы эсепке алуунун жана статистикалык отчеттун абалын иликтөөгө, респонденттер тарабынан берилген статистикалык маалыматтын аныктыгын текшерүүгө, ошондой эле жер-жерлерден алынган статистикалык маалыматтын аныктыгына текшерүү жүргүзүүгө; статистикалык маалыматтардын бурмаланганы билинген учурда статистикалык отчетко, башка статистикалык формулярларга түзөтүүлөрдү киргизүүнү респонденттерден талап кылууга. Маалыматтар ашыра көбөшүлгөндөгү (ашыра азайтылгандагы), ошондой эле эсепке алууну жана анын методологиясын билбегендиктин кесепетинен кетирилген каталар статистикалык отчетту бурмалоо деп эсептелинет. Бул талап белгилүү мөөнөттө аткарылбаса, мамлекеттик статистика органы кийин респондентке билдирүү менен зарыл болгон түзөтүүнү өзалдынча киргизүүгө; техника-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификаторлорун иштеп чыгууга белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарын тартууга; мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө; эларалык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн статистикалык органдары менен кызматташууну жүзөгө ашырууга; администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык администрациялык жазалоого жана айып салууга; акы төлөө негизинде статистикалык байкоолорду жүргүзүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө, статистикалык маалыматты туура эмес колдонууга же так эмес чечмелөөгө комментарий берүүгө.
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 355 "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 19.06.2013 · № 355 · Күчүн жоготкон
- Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 30.01.2014 · № 23 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202074/st-12" title="12-статья - Мамлекеттик статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>