Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-июну № 355 "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
1-берене.
"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2008-жылдын 22-апрелдеги № 29 саны) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп табылсын.
2. 1-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "майыптар үчүн үй-интернаттар" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын убактылуу турушу үчүн үй-интернаттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-беренеси менен толукталсын:
"1-1-берене. Бул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам эл каттоого даярдык көрүүнүн, өткөрүүнүн, катталуучу адамдар жана турак жай фонду жөнүндө жекече маалыматтарды чогултуу жана сактоонун жүрүшүндө, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жана Кыргыз Республикасынын калкына тандама социалдык-демографиялык изилдөө жүргүзүүнүн (мындан ары - эл жана турак жай фондун каттоо) жыйынтык маалыматтарын жарыялоодо жана башкача түрдө таркатууда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.".
4. 3-беренеде:
1) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эл жана турак жай фондун каттоо жана Кыргыз Республикасынын калкына социалдык-демографиялык жактан тандап иликтөө жүргүзүү жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат.";
2) 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Президенти же" деген сөздөр алып салынсын.
5. 4-беренеде:
1) 1-бөлүк жана 2-бөлүктүн биринчи жана үчүнчү абзацы "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эл аралык нормалар менен стандарттарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүгүндөгү "белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 6-беренеде:
1) Биринчи бөлүгү "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-бөлүгүндөгү ", соода" деген сөз алып салынсын, "белгиленген тартипте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 8-, жана 10-беренелер "эл" жана "Эл" деген сөздөрдөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 9-беренеде:
1) 1-бөлүк "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-бөлүк "эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фондун" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 11-берененин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10. 12-беренедеги "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр "статистикалык маалыматты пайдалануунун тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 14-беренеде:
1) "Эл" деген сөздөн кийин "жана турак жай фонду" деген сөздөр менен толукталсын;
2) "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана аларды чакыруунун жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болушун жол-жоболоштуруунун кабыл алынган тартибине ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 15-берене күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 14-ноябрындагы № 3596-V "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 14.11.2013 · № 3596-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3710-V "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 18.12.2013 · № 3710-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3706-V “Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 18.12.2013 · № 3706-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндөЗакон · 19.04.2008 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон