31-статья. Маалымат тутумдарындагы маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн уюштуруу
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 6-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2017 года № 130
1. Маалымат тутумдарындагы маалыматка жетүү укугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалымат тутумдарын электрондук башкаруунун архитектурасынын коомдук сегментине кошушат;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалымат тутумдарындагы маалыматтарды мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Интернеттеги сайттарында ачык маалыматтар форматында жайгаштыруу ну уюштурушат;
- жарандар жана уюмдар үчүн оңой жеткиликтүү жерлерде: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын имараттарында, мамлекеттик жана муниципалдык китепканаларда, почта бөлүмдөрүндө жана мыйзамдарда аныкталган башка жерлерде Интернетке туташтырылган абоненттик пункттарды түзүшөт;
- суроо-талаптарды алуу жана суралган маалыматты берүү үчүн электрондук почта дарегин бөлүп беришет;
- расмий серверде (сайт, порталда) жайгаштырылган маалыматтын мазмуну, тактыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартышат.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын электрондук документтеринде ушул документтер үчүн бардык маалым даректердин көрсөтүлүшү милдеттүү. Маалымат электрондук түрдө берилген учурда анын тактыгы электрондук кол тамга же мыйзамда бекитилген учурларда жана тартипте башка электрондук ыкма менен ырасталат.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июля 2017 года № 130 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных и муниципальных услугах", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики")Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-31" title="31-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>