30-статья. Маалыматты алууга көмөктөшүү боюнча уюштуруу чаралары
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 6-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
30-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 30-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Маалыматка жеткиликтүүлүктү уюштуруу үчүн мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын түзүмүндө адистешкен кызмат түзүлөт, ага белгиленген тартипте тиешелүү ишмилдеттер жана ыйгарым укуктар берилет, же аталган ишмилдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткаруу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын түзүмүндөгү башка кызматка же бөлүмгө, же конкреттүү кызмат адамына жүктөлөт.
2. Маалымат сураган адамдарды маалымат менен камсыз кылуу боюнча ишмилдеттер тийиштүү мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жөнүндө жоболордо аныкталууга тийиш.
3. Маалымат сураган адамдарды маалымат менен камсыз кылуу боюнча ишмилдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча иштерди аткаруучу адистешкен кызматтардын, бөлүмдөрдүн, кызмат адамдарынын укуктары, милдеттери жана жоокерчилиги ушул кызматтар жана бөлүмдөр жөнүндө белгиленген тартипте бекитилген жоболордо жана кызматтык нускоолордо белгиленет.
4. Маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча ишмилдеттерди жүзөгө ашырууга мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ыктыярына жараша келишимдик шарттарда маалыматтык кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар тартылышы мүмкүн. Бул уюмдардын дайындары: уюмдун атылышы, почта дареги, телефон номери жана факс номери, электрондук почта дареги, тармактык дареги жалпыга жеткирилүүгө тийиш.
5. Маалымат алуу жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу эрежелери мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы тарабынан ушул Мыйзамга ылайык белгиленет.
6. Ушул статьянын 5-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерде маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттер жүктөлгөн тийиштүү уюмдардын, кызматтардын, бөлүмдөрдүн аталышы жана иштөө режими; же кызмат адамдары жөнүндө кабарлар; берилүүчү маалыматтын категориялары, аны берүүгө байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү (анын ичинде автоматташтырылган маалымат тутумуна жетүүнүн тартиби), бул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн тартиби жана жеткиликтүүлүктүн башка шарттары камтылууга тийиш.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-30" title="30-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>