32-статья. Маалыматка жетүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын милдеттери
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 6-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2016 года № 152
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- маалыматка жетүү укугун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон уюштуруу-техникалык жана башка шарттарды түзүүгө;
- ушул Мыйзамга ылайык берилүүгө тийиш болгон маалыматтарды камтыган расмий документтерди, алар кабыл алган актыларды, ошондой эле өздөрү укук мураскери болуп саналган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын актыларын белгиленген мөөнөт ичинде сактоого;
- берилүүчү маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана толуктугун, аны берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнүн жана шарттарынын сакталышын камсыз кылууга;
- расмий документтерди элге жарыялоонун мыйзамдарда белгиленген тартибин сактоого.
2. Эгерде берилген маалыматтар так эмес же толук эмес маалыматтарды камтыса, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары маалыматты сураган адамдын жазуу жүзүндөгү жүйөөлүү арызы боюнча, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок арызды алгандан тартып жети жумушчу күндөн кечиктирбестен, берилген маалыматтарды тактоого же толуктоого милдеттүү.
3. Мамлекеттик органдар же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрү жалпыга жеткирүүгө милдеттүү болгон расмий документтердин реестрин жүргүзүшөт. Реестр ар бир чыгарылган документтин аталышын, кабыл алынган күнүн, номерин жана аны элге жарыялоо жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш. Ресстрди жүргүзгөн органдар бул реестрге карата башка милдеттүү талаптарды белгилей алышат.
4. Иштин маңызы боюнча белгиленген формада чыгарылган бардык соттук актылар жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү соттор үчүн он күндүн ичинде жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы үчүн он беш күндүн ичинде Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
5. Жетүүсү чектелген соттук актыларды кошпогондо, Соттук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген соттук актылар, адистештирилген сайтта күнү-түнү акысыз жетүү үчүн ачык болуп саналат.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-32" title="32-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>