29-статья. Келүүчүлөрдүн жыйналыштарга катышуу тартиби
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 5-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2016 года № 152
1. Соттук жыйналыштарды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына келүүчүлөрдүн катышуу тартиби тиешелүү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын иш регламентинде аныкталат. Жыйналышка катышуунун белгиленген тартибин бузган учурда төрагалык кылуучу эреже бузуучуга эскертүү жасайт, ал эми кайталап эреже бузган учурда аны жыйналыш залынан сыртка чыгарып жиберет.
2. Жыйналышка соттук жыйналыштарды кошпогондо, катышып жаткан келүүчүлөр жазууларга, ошондой эле эгерде бул жыйналышты өткөрүүгө тоскоолдук кылбаса, фотосүрөт тартууга, аудио- жана көрмөжазууларды жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-29" title="29-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>