Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-статья. Жыйналыштарга катышууну уюштуруу
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 5-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
1. Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын юридикалык жагынын өкүлү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жыйналыштарына катышууга укуктуу. Жыйналыштарга жарандардын жана (же) юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органда же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында тийиштүү жыйналышка катышууну каалагандарды жазуу жүргүзүлөт. Келүүчүлөр жөнүндө маалыматтын жазылуусу жана анын инсанын тастыктаган документтин болушу жыйналышка кирүүгө негиз болуп саналат. Жазууда жарандын фамилиясы, аты-жөнү, ал эми юридикалык жактын өкүлү үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, ошондой эле, ээлеген кызматы камтылууга тийиш. Башка маалыматтарды же документтерди көрсөтүүнүн кажети жок.
2. Жыйналыштарды өткөрүү залында келүүчүлөр үчүн орундар жабдылат. Келүүчүлөр үчүн орундардын саны жазылгандардын санына жараша эсептелет, бирок алар үчүн орундардын жалпы саны мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарында бештен аз болбоого, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жыйналыштарында ондон кем болбоого тийиш. Келүүчүлөрдүн сандык чектөөсү ашып кеткенде жана алардын кимдир-бирөө келбей калган учурда жыйналышка катышуу артыкчылыгына, биринчиден, жыйналышта кабыл алынуучу чечим укуктарына жана эркиндиктерине түздөнтүз тийиштүү болушу мүмкүн болгон жарандар, экинчиден, бул органдын жыйналыштарына мурда катышпаган же башка жазылгандардан көбүрөөк катышпаган жарандар, үчүнчүдөн, жыйналышка катышууга башкалардан мурда жазылган жарандар ээ болушат.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүү орган жайгашкан жердеги башка орунжайларда орнотулган телекабылдагычтарга түз трансляциялоо аркылуу жыйналыштардын жеткиликтүүлүгүн кошумча уюштурууга укуктуу.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-28" title="28-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>