15-статья. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн баш тартуунун негиздери
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 2-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
1. Суроо-талап боюнча маалымат берүүдөн төмөнкү негиздер болгон учурда баш тартылышы мүмкүн:
1) суратылган маалыматтар мыйзамдардын жана ушул Мыйзамдын 5-статьясынын негизинде алууга чек коюлган маалыматтардын категориясына киргизилген документтердин бөлүктөрүндө камтылса;
2) суроо-талап ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган талаптарды бузуу менен түзүлсө;
3) бир эле маселе боюнча ошол адамдын суроо-талабы борбордук органдын же анын ведомстволук бөлүмүнүн кароосунда турса, ошондой эле мамлекеттик органда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында же алардын ведомстволук бөлүмдөрүндө тийиштүү документтер болбосо жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык алардын болушу милдеттүү болбогон учурларда.
2. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы кайта суроо-талап түшкөнгө чейин 3 айлык мезгилге тете убакытта ошол эле адамга суроо-талап боюнча берилген маалыматка дээрлик дал келген суроо-талап боюнча маалыматты берүүдөн баш тартууга укуктуу.
3. Маалымат берүүдөн баш тартуу төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) маалымат берүүдөн баш тартууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине конкреттүү шилтемелер көрсөтүлгөн жүйөө;
2) маалымат берүүдөн баш тартууга карата даттануунун ыкмалары жана тартиби.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>