Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-статья. Байланыш каналдары аркылуу тексттик билдирүүлөр түрүндө маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 2-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
1. Байланыш каналдары аркылуу тексттик билдирүүлөр түрүндө түшкөн маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөрү болсо документтерди тийиштүү формасында жиберүү аркылуу канааттандырылат.
2. Эгерде суроо-талап электрондук почта менен алынган болсо, анда суроо-талапка берилүүчү жооп маалымат сураган адамдын электрондук почтасынын дарегине жиберилет. Эгерде суратылган документтин электрондук варианты жок болсо, анда маалымат ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык башка формада жана маалымат алуунун башка ыкмалары менен берилет. Сурооталапка берилген жоопко суратылган документтердин файлдары тиркелиши мүмкүн же документтер менен материалдардын жеткиликтүү ааламдык түйүндөрдөгү электрондук версияларына айкын жана так шилтемелер көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде маалымат берүү тууралу суроо-талап факс менен алынса, суроо-талапты канааттандыруу үчүн талап кылынган документтердин көлөмү тоскоолдук кылбаса, ага жооп факс менен жөнөтүлүшү мүмкүн. Башка учурда ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык жоопто суроо-талап боюнча башка формада жана башка ыкмалар менен маалымат алуунун тартиби көрсөтүлөт.
4. Электрондук почта же факс боюнча алынган суроо-талапка берилген жоопту каттоо жана даярдоо жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>