4-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгы, айкындыгы жана маалымдуулугу
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери ачык, айкын жана маалымдуу болуп саналат.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштери жөнүндө маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат. Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөндөн башка учурларда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүүгө ар кандай чектөөлөрдү коюуга тыюу салынат.
3. Маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган негиздер боюнча гана жүйөлөнүүгө жана негизделүүгө тийиш.
4. Маалыматка жетүүгө чектөө коюуга негиз болгон чечим менен тааныштыруудан баш тартуу мүмкүн эмес. Мыйзамга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелиши мүмкүн болгон маалыматтарды камтыган документтердин жана материалдардын андай маалыматтарды камтыбаган бөлүктөрүндө гана берилет.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>