1-статья
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2000-ж., № 11, 683-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
7-статьяда:
5-бөлүгүндөгү "баштапкы (нөлдүк)" деген сөздөр "биринчи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-бөлүгүндө:
- экинчи абзацтагы "эњ аз айлык акынын 75 проценти" деген сөздөр "разрядка ылайык тарифтик ставкадан 15 процент" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "эњ аз айлык акынын 100 проценти" деген сөздөр "разрядка ылайык тарифтик ставкадан 20 процент" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"Эгер мугалимдин мурда алган үстөгү, тарифтик ставкадан процент менен белгиленген класс жетекчилик үчүн эмгек акыга үстөктүн өлчөмүнөн жогору болгон учурда, мурда белгиленген үстөк төлөнөт";
8-бөлүк 9-бөлүк деп эсептелсин;
9-бөлүктөгү "айлык акынын бир өлчөмүндө, айыл жеринде эки өлчөмүндө, чек ара райондорунда - үч өлчөмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202007/st-1" title="1-статья - Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>