12-статья. Озон катмарынын мониторинги
Күчүндө · 29.03.2019 редакциясы · 2-бөлүм
Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү озон катмарынын абалына дайыма байкоо жүргүзүүнү, анын өзгөрүүлөрүн баалоону жана болжолдоону илимий-изилдөө институттарын тартуу менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат. Мониторингдин илим-изилдөө станцияларынын негизги миддеттери төмөнкүлөр: Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүндөгү озон катмарынын абалын жана жерге жакын ультракызгылт күн нурларынын деңгээлин өлчөө, баалоо жана болжолдоо; озон катмарынын абалы жөнүндө маалымат банкын түзүү жана бул маалыматты кызыкдар мамлекеттик органдарга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана башка кызыкдар жактарга берүү; озон катмарынын абалы жөнүндө маалыматты башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эларалык уюмдар менен алмашуу; озон катмарынын мониторинги жагынан адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
Берененин тексти 29.03.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202003/st-12" title="12-статья - Озон катмарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>