КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-июну № 100 Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 10-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 75 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын жана Кара-Суу районунун Ак-Таш жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү. Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1 бирдиктүү, 3 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн Ноокат, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары берген протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-1-беренесине жана 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
2. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешине жана Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңешине төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелинсин (тиркеме).
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 100 токтомуна тиркеме
Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарларынын жана Кара-Суу районунун Ак-Таш жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
Ноокат шаары
№
Партиялардын аталышы партии
№
Фамилиясы, аты, атасынын аты
1
"Кыргызстан Социал-Демократиялык партиясы" саясий партиясы
1
Кабылов Алижан Абдиламитович
2
Дадажанов Махмуджан Хамидович
3
Маманова Асылкан
4
Гафаров Абдрахман Мамадумарович
5
Моминов Махмуджон Турдукулович
6
Имарова Ирсалат
7
Сидиков Шавхаджон Махмудович
8
Жалалов Кадыр
9
Юнусова Назакатхан Абдимуталибовна
2
"Замандаш-Современник" саясий партиясы
10
Абдурахманов Нурулла
11
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 10-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
12
Сидикова Шаиракан Хамиджановна
13
Ахмедов Адилжан Шарабиддинович
3
"Республика" саясий партиясы
14
Кадирбаев Турдумахамат Турсункулович
15
Абдижапаров Хамитжан
16
Калдарова Бактыгул Жумабаевна
17
Махбузов Нооманжан
18
Мамажанов Кабилжан
4
"Ата-Мекен саясий социалисттик партиясы"
19
Кодиралиев Абдилвохоп Абдилахатович
20
Аттокуров Эмилбек Абдигапарович
21
Рахманбердиева Равия Амановна
Кара-Суу району Ак-Таш айылдык кеңеши
Кадыров Талайбек Акимович
432
Таиров Халил
397
Мамараимов Абдихамид Саитович
356
Дооранов Абдулла Абдырайымович
355
Мамажанов Абдулвахид Мамасабырович
345
Толонов Фахридинбек Мурзаевич
338
Орумбаев Камилжан
332
Жолдошов Баиш Топчубаевич
326
Ибраимов Бакытбек Зулумбаевич
324
Касымбаев Артыкбай Адиевич
308
Камилов Усманали Кимсанович
298
Мамарайимов Кубанычбек Жолдошович
293
Камилов Исламбек Сүйүнбаевич
276
Атакулов Абдыганы Алибаевич
265
Нуржанов Женишбек Тургунович
262
Тургунбаев Эмилбек Бурканбекович
256
Кадыров Мирбек Садырович
247
Мамасыдыков Алтынбек Усенович
244
Бектиров Тыныч Кочкорович
233
Эргешов Иминжан
75
Камалов Абдыбап Кадырмаматович
65
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 10.01.2014 · № 4
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 4 "Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана…Постановление · 10.01.2013 · № 4
- КР Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ №75 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда…Указ · 11.04.2013 · № 75 · Күчүн жоготкон