Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства обороны КР от 9 июля 2025 года № 2 «Об утверждении стандарта государственной услуги «Авиационные специальные работы»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-09.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 2 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК
2023-жылдын 21-августундагы № 3
“Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө 99718 жана 23565 аскер бөлүктөрү көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Тиркелген «Авиациялык атайын жумуштар» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик, укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө токтомуна ылайык расмий жарыялоо боюнча;
- кагаз жана электрондук камтуучуларда ченемдик акттын акттын жарыялоо булагын белгилөө менен мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий жарыяланган күндөн баштап үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана ал күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүү боюнча.
3. 99718 аскер бөлүгүнүн командири төмөнкү иштерди уюштурсун:
- милдеттүү түрдө жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламентке ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча;
- аталган кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин www.gov.kg расмий сайтында 2023-жылдын 29-сентябрында жарыяланды.
Коргоо министри генерал-лейтенант
Б. А. Бекболотов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 2 «Авиациялык атайын иштер» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө» буйругуПриказ · 09.07.2025 · № 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- “Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2023-жылдын 21-августундагы № 2 буйругу менен бекитилген)Стандарт · 21.08.2023 · № 2 · Күчүн жоготкон
- “Авиациялык атайын иштер” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2023-жылдын 21-августундагы № 3 буйругу менен…Административный регламент · 21.08.2023 · № 3 · Күчүн жоготкон