Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства обороны КР от 9 июля 2025 года № 2 «Об утверждении стандарта государственной услуги «Авиационные специальные работы»» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-09.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 2 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК
2023-жылдын 21-августундагы № 2
“Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 99718 жана 23565 аскер бөлүктөрү көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркелген «Авиациялык атайын жумуштар» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик, укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыялоо;
- эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, нормативдик акттын жарыялоо булагын белгилөө менен буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине расмий жарыялангандан кийин 3 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, ошондой эле үч жумуш күндүн ичинде ал күчүнө киргенден тартып буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин www.gov.kg расмий сайтында 2023-жылдын 29-сентябрында жарыяланды.
Коргоо министри генерал-лейтенант
Б. А. Бекболотов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомуПостановление · 03.09.2012 · № 603
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 2 «Авиациялык атайын иштер» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө» буйругуПриказ · 09.07.2025 · № 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- “Авиациялык атайын жумуштар” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2023-жылдын 21-августундагы № 2 буйругу менен бекитилген)Стандарт · 21.08.2023 · № 2 · Күчүн жоготкон
- “Авиациялык атайын иштер” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2023-жылдын 21-августундагы № 3 буйругу менен…Административный регламент · 21.08.2023 · № 3 · Күчүн жоготкон