Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасын Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 14-сентябры № 112-Б Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Эл аралык ички аудиторлор институтунун стандарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ички аудит системасын жана ички аудит стандарттарын өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу үчүн, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
2) буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин “Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 25-августундагы № 80-П буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.О.Даникеевге жүктөлсүн.
Министрдин м.а.
Р.М. Суйналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Экономика жана Финансы министрлигинин 2021-жылдын 2-августундагы № 80-п "Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 25.08.2021 · № 80-п
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2021 жылдын 25 августундагы №80 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин СТАНДАРТТАРЫ"Стандарт · 25.08.2021 · № 80-п
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Ички аудит жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 25
- КР Экономика жана Финансы министрлигинин 2021-жылдын 2-августундагы № 80-п "Кыргыз Республикасындагы ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 25.08.2021 · № 80-п
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.