Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынын көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2024-жылдын 1-апрели № 212 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынын көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө" жобонун 17-пунктун жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караптуу Жазаларды аткаруу кызматы (мындан ары - ЖАК) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти бекитилсин:
- жолугушуу бөлмөлөрүн берүү 1-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-главасынын 10-пункту);
- жогорку ыңгайлуулуктагы жолугушуу бөлмөлөрүн берүү 2-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин тизмегинин) 3-главасынын 11-пункту);
- ЖАКтын түзөтүү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо 3-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 9-главасьнын 2-пункту);
- бошотуу жөнүндө маалымкатты кайталап берүү 4-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4- главасынын 14-пункту).
2. ЖАКтын мекемелеринин башчылары:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жогоруда аталган административдик регламенттерди жетекчиликке алсын;
- кызыкдар кызматтар менен жогоруда аталган администрагивдик регламенттердин ченемдерин жана талаптарын окуп-билүү боюнча сабактарды өткөрсүн;
- жогоруда аталган административдик регламенттердин талаптарын бузгандыгы үчүн мекемелердин башчылары жеке жопкерчилик тартаары эске алынсын.
3. ЖАМКнын 2019-жылдын 27-июнундагы "ЖАМК тарабынын көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө" № 353 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Буйрук бардык тийиштүү кызматкерлерге жеткирилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо ЖАКтын Финансы-чарба башкы башкармалыгынын башчысына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы и/к генерал-майору
А.Эгембердиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.06.2021 · № 33
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2019-жылдын 27-июнундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Караштуу Жазаларды аткаруу…Приказ · 27.06.2019 · № 353
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна)Положение · 21.06.2021 · № 33 · Күчүн жоготкон