10-статья. Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, турмуш-тиричиликтеги жана тайпалык техникалык каражаттары
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · II бөлүм
Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, турмуш-тиричиликтеги жана тайпалык техникалык каражаттары суунун коопсуздугун жана анын гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу үчүн колдонулат. Суунун турмуш-тиричиликтеги же тайпалык техникалык каражаттар менен тазалоонун мүмкүнчүлүктөрүнө негизденип, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарында сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун талаптарын бошоңдотууга тыюу салынат. Сапаттуу ичүүчү сууну борборлоштуруп берүүгө мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, тамак-аш өнөр жайынын, коомдук тамактануунун ишканаларында, дарылоо-профилактикалык жана балдар мекемелеринде сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун тайпалык техникалык каражаттары милдеттүү түрдө колдонулат. Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, тайпалык техникалык каражаттары аларда иштетилген суунун санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн ырастай турган милдеттүү сертификациялоодон өткөрүлүүгө тийиш. Бул каражаттарды гигиеналык сертификаттарсыз жана ылайык келүүчү сертификаттарсыз өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салынат.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-10" title="10-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>