13-статья. Ичүүчү суунун сапатына карата ченемдик талаптарды иштеп чыгуу жана колдонуу
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2014 года № 144
Ичүүчү суунун сапаты мамлекеттик стандарттардын талаптарына жана белгиленген тартипте бекитилүүчү санитардык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш. Суу менен жабдуу объектилерин курууда, ичүүчү сууну өндүрүү процессинде жана аны керектөөчүлөргө жеткирүүдө чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу практикасында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан уруксат берилген материалдар жана химиялык реагенттер колдонулууга тийиш. (Үчүнчү абзац КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2009 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"Редакцияларды салыштыруу
18.07.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берилген материалдар жана химиялык реагенттер колдонулууга тийиш.
алынып салынды: Ичүүчү суунун жеке өзүнүн касиетине таасир берген көрсөткүчтөр боюнча санитардык эрежелерден, мамлекеттик стандарттардын ченемдери менен талаптарынан убактылуу четтөөлөргө, тиешелүү башкы мамлекеттик санитардык врач менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу-тескөө органынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси тарабынан төмөндөгү милдеттүү шарттар болгондо:
эгерде уруксат берилген четтөөлөр ичүүчү суунун сапатынын микробиологиялык жана токсикологиялык көрсөткүчтөрүнө тиешелүү болбосо, алар белгиленип жаткан мезгилдин узактыгын эске алуу менен, калктын саламаттыгына зыян келтириши мүмкүн болбосо;
эгерде айрым санитардык эрежелерден, мамлекеттик стандарттардын ченемдери менен талаптарынан убактылуу четтөөлөрдүн зарылдыгын шарттаган жагдайлар объективдүү шарттар (гидрогеологиялык, метеорологиялык жана башка) же авариялык кырдаалдар менен шартталса, аларды алдын ала билүүгө жана четтетүүгө мүмкүн болбосо уруксат берилиши мүмкүн.
Ичүүчү суунун ченемдеринен убактылуу четтөөлөргө уруксат берген орган бул тууралу массалык маалымат каражаттары аркылуу калкка кабарлоого жана атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органына тиешелүү билдирүүлөрдү берүүгө тийиш.
кошулду: (Үчүнчү абзац КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2009-жылдын 20-июлундагы № алынып салынды: 240 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2014 · № 144
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-13" title="13-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>