12-статья. Өзгөчө жагдайларда калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · II бөлүм
Өзгөчө жагдайларда (суу менен жабдуу булактарынын булганышынын деңгээли жогору болгондо, авариялардын, кыйроолордун, же табигый кырсыктардын натыйжасында суу түтүгүнүн тутуму, сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу тутуму зыянга учураганда) калкты гигиеналык талаптарга ылайык келген коопсуз жана зыянсыз ичүүчү суу менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин милдети болуп эсептелет. Ушул максатта мүмкүн болуучу өзгөчө жагдайларды болжолдоонун натыйжаларынын негизинде суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдары бар калктуу конуштар үчүн чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун долбоорлору, ошондой эле калкты өзгөчө жагдайларда ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча пландар түзүлүүгө жана ишке ашырылууга тийиш, аларга: жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өзгөчө жагдайдын келип чыгышы жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн критерийлерди белгилөө; өзгөчө жагдай келип чыкканда, ичүүчү сууну зарыл болгон микробиологиялык жана санитардык-токсикологиялык иликтөөлөрдү шашылыш жүргүзүүнү камсыз кылуу жана анын кесепеттерин жоюу; микробиологиялык жана биологиялык көрсөткүчтөр боюнча суунун коопсуздугун шексиз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү; өзгөчө жагдайды киргизүү фактысы жөнүндө калкка кабарлоо жана аны ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалымат жана аны чарбалык - ичүү муктаждыктарында пайдалануу боюнча сунуштар менен тезинен камсыз кылуу; суу алуучу булактардын булгануу деңгээли жогору болгондо, сууну кошумча тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн суу түтүктөрүн тазалоо курулуштарынын кубаттуулугунун резервин түзүү; калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу менен жабдуунун кошумча альтернативалуу булактарын жана резервдик суу алуучу жерлерди издеп табуу; атайын идиштердеги ичүүчү суунун резервдик корлорун түзүү жана жаңылап туруу; сууну, ошондой эле бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, турмуш тиричиликтеги жана тайпалык технологиялык каражаттарынын корлорун түзүү; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумундагы зыянга учуроолорду кыска мөөнөттөрдө калыбына келтирүү үчүн материалдар менен жабдуулардын корлорун түзүү; өзгөчө жагдай болгон зоналарга ичүүчү сууну темир жол, автомобиль жана транспорттун башка түрлөрү менен жеткирүүнү уюштуруу; жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өзгөчө жагдайларда калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча башка чараларды көрүү кирет. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди кароодо мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өзгөчө жагдайларда калкты суу менен камсыз кылуу үчүн материалдар менен жабдуулардын корлорун түзүүгө зарыл болгон каражаттарды кароого тийиш.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-12" title="12-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>