4-статья. Мамлекеттин кепилдиктери
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Мамлекет тарабынан төмөндөгүлөр кепилдикке алынат:
- кант диабеттүү адамдардын аталган оорусунун алдын алууга, дарылоого жана алардын социалдык жактан коргоого багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, кабыл алуу, ишке киргизүү жана каржылоо;
- саламаттык сактоо уюмдарында кант диабеттүү адамдардын медицина-санитардык жардамдын бардык түрлөрүнөн пайдаланышын камсыз кылуу;
- кант диабеттүү адамдарды кантты азайтуучу препараттар, өзүн-өзү контролдоочу зарыл каражаттар менен бекер камсыз кылуу;
- Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында медицина-санитардык жардамды бекер жана жеңилдик шартында берүү;
- кант диабеттүү адамдардын аталган оорусунун алдын алууга жана аларды дарылоого кызмат кылчу стандарттарды иштеп чыгуу жана аткаруу;
- инсулин терапиясы жасала турган кант диабеттүү адамдарга жогорку сапаттуу гендик-инженердик инсулиндерге жана инсулинди куюуда пайдаланылчу каражаттарга болгон муктаждыктарын толук канааттандыруу;
- жарым жылдык муктаждык көлөмүндө диабетке каршы препараттардын (негизинен инсулиндердин) мамлекеттик резервин түзүү;
- инсулин препараттарынын сапатына, диагностика жана өзүн-өзү контролдоо каражаттарына мамлекеттик контроль;
- санаторийлик-курорттук мекемелерде кант диабеттүү адамдарды дарылооону уюштуруу;
- буттарын ампутация кылуу боюнча тобокелчилик тобуна кирген кант диабеттүү адамдарды ортопедиялык бут кийим жана батек менен, ал эми буту ампутация кылынган адамдарды протездер жана кыймыл каражаттары менен бекер камсыз кылуу;
- кант диабетинин проблемалары боюнча илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү;
- кант диабеттүү адамдарга атайын медициналык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
- кант диабетинин алдын алуу жана бул дарт кириптер кылган башка оорулардын алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө калктын, биринчи кезекте тобокелчилик тобундагы адамдардын арасында маалымат берип туруу ишинин деңгээлин көтөрүүгө зарыл шарттарды түзүү;
- кант диабеттүү адамдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча саламаттык сактоонун атайын уюмдары үчүн материалдык-техникалык базаны түзүү жана чыңдоо.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кант диабеттүү адамдарга ар кандай социалдык жеңилдиктерди берүү багытында чечим кабыл алууга укуктуу.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1960/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>