17-статья. Кант диабеттүү адамдардын регистри
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Кант диабеттүү адамдардын регистри Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кант диабеттүү адамдар жөнүндө маалыматты автоматтык жол менен эсепке алууну жана каттоону камсыз кылуу, кант диабети менен ооруган, кант диабети туш кылган оорулар, майыптуулук жана өлүм-житим фактылары жөнүндө системалуу жана ишенимдүү маалымат алуу, дарылоо профилактикалык иш-чаралардын кайтарымдуулугу, кант диабеттүү адамдардын диабетке каршы препараттарга, инсулин куюучу жана өзүн-өзү контролдоочу каражаттарга, протезге, кыймыл каражаттарына, ортопедиялык бут кийимге жана батектерге болгон муктаждыгын аныктоо максатында түзүлөт. Кант диабеттүү адамдардын регистри төмөндөгүлөрдү камсыз кылат:
- кант диабети менен ооругандардын абалы жөнүндө учурдагы зарыл маалыматтар корун түзүү;
- кымбат баалуу диабетке каршы препараттарды, аларды куюучу, диагностика жана өзүн-өзү контролдоо каражаттарын сатып алууга ишенимдүү табыштамаларды түзүү.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1960/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>