14-статья. Кант диабети боюнча маалымат-билим берүү иши
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Кант диабети боюнча маалымат-билим берүү иши төмөндөгүлөрдү карайт:
- кант диабетинин алдын алуу жана анын адепки диагностикасы боюнча маалымат материалдарды иштеп чыгууну жана массалык тираж менен чыгарууну;
- диетологиянын негиздери, ооруну өзү контролдоо жана кант диабети туш кылган илдеттердин алдын алуу негиздери боюнча кант диабетине чалдыккан адамдар үчүн методикалык окуу куралдарын басып чыгарууну;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында кант диабетинин маселелерин чагылдырууну;
- саламаттык сактоо уюмдарынын медик кызматчыларын кант диабетинин адепки жана кийинки профилактика маселелери боюнча консультация берүү методу менен окутууну;
- калк үчүн кант диабетинин проблемалары боюнча атайын мезгилдүү басылмаларды чыгарууну;
- ишке саламаттык сактоонун айылдык комитеттерин, демилгелүү топторду, коомдук бирикмелерди тартуу менен биринчи деңгээлдеги саламаттык сактоо мекемелеринде саламаттыкты чыңдоонун кабинеттеринин иши аркылуу калктын маалымат жагынан сабаттуулугун жогорулатууну.
IV глава Кант диабеттүү адамдарга медицина-санитардык жардамды жана социалдык коргоону уюштуруу
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1960/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>