1-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Бул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: кант диабети боюнча тобокелчилик тобу - кант диабети боюнча оорлошкон тукум куучулугу, артыкбаш салмагы, гипертониялык оорусу бар адамдар, 4,5 килограммдан ашуун салмакта бала төрөгөн аялдар; инсулин - I типтеги кант диабетин дарылоо үчүн негизги препарат катары колдонулуучу уйку бездин гормону; кант диабеттүү адамдарды медицина-социалдык жактан коргоо - кант диабеттүү адамдардын саламаттыгын жана турмуш-тиричилик шарттарын коргоону камсыз кылуучу мамлекет тарабынан кепилдик берилген экономикалык, социалдык, укуктук жана медициналык чаралардын системасы; медицина-санитардык жардам - жарандардын ден соолугун чыңдоону жана калыбына келтирүүнү коргоого багытталган медициналык, дагы башка чаралардын комплекси; кант диабетинин өтүшүп кетиши - көздүн тор кабыкчасынын сыйрылышына жана көздүн көрбөй калышына (диабет ретинопатиясы), бөйрөктүн терминалдык забыркоосуна негизги себеп болгон бөйрөктүн бузулушу (диабет нефропатиясы) кириптер кылуучу кант диабетинин кан тамырлардын иштешин солгундатышы, ырбап кетиши, инфекция жугушуна, майып болуп калууга жана бутту кесип салууга (ампутацияга) алып келүүчү (диабеттүү таман белгиси), трофик жаралардын чыгышына себепкер болчу буттун баш жактарынын патологиялык абалы ж.б.; инсулиндин жарым жылдык кору - кант диабети бар адамдардын өмүр-тиричилигин камсыз кылууга зарыл инсулиндин стратегиялык кору; мунун жок болуп калышы кант диабеттүү адамдарды айныбастан өлүмгө учуратат; Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам берүү боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктердин программасы) - Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам берүүнүн кепилденген көлөмү, түрлөрү жана шарттары; биринчи алдын алуу - кант диабети боюнча тобокелчилик тобунун адамдарынын арасында диабеттин өсүшүн профилактикалоого багытталган иш; экинчи алдын алуу - аталган оорудан качуу же анын өтүшүп кетишин токтото туруу максаты менен кант диабетине коюлчу алгачкы диагностика; кант диабеттүү оорулуунун паспорту - адамда кант диабет оорусу бар экендигин ырастаган документ; кант диабети менен забыркаган адамдарды каттоо - алар жөнүндө маалыматтар корун түзүү жана ошондой оорулуу адамдарга байкоо жүргүзүү жана аларды дарылоо стратегиясын иштеп чыгуу максатында кант диабеттүү адамдарды каттоо жана автоматтык жол менен эсепке алуу; кант диабети - инсулиндин жетишсиздигинен канда глюкозанын көтөрүлүп кеткен деңгээли менен мүнөздөлүүчү өнөкөт оору; 1-типтеги кант диабети - уйку бези өз инсулинин иштеп чыкпагандыктан, күн сайын көп ирет инсулин инъекциясын талап кылган оору; 2-типтеги кант диабети - уйку бези инсулинди жетишсиз санда иштеп чыккандан улам кантты азайтуучу таблетка түрүндөгү препараттарды ичип турууга же инсулин терапиясын алууга мажбур кылчу оору; өзүн-өзү контролдоочу каражаттар - кандын глюкозасынын деңгээлин жана заарадагы глюкозаны, кетон заттарын өз бетинче аныктоого мүмкүндүк берүүчү диагностикалык тест-тилкечелер жана приборлор (глюкометрлер);
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1960/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасындагы кант диабети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>