Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-октябры № 327 Айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө № 003 (Железнодорожный ш., РФ), № 010 (Екатеринбург ш. Башкы консулдук, РФ), № 011 (Екатеринбург ш., РФ), № 013 (Омск ш., РФ), № 014 (Тюмень ш., РФ) шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжалары боюнча "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 22-беренесинин 2, 5, 7, 8, 10-пункттарынын, 23-беренесинин 5-пунктунун, 40-беренесинин 3, 4-пункттарынын талаптарын бузууларга жол берилген, ал шайлоочулардын добуш берүү жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербейт. Көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында берилген шайлоочулардын негизги тизмесиндеги "шайлоо бюллетенин алгандыгы жөнүндө кол коюу" графасында добуш берген шайлоочулар үчүн негизинен ошол эле адамдар кол коюшкандыгы белгиленген, бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалоо мамлекеттик борборунун адистеринин корутундулары менен тастыкталат (Адистердин корутундусу - № 1-2623/01), мындан тышкары шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун көрсөтүүдө шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизилген болчу. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 46-беренесинин 1-пунктун, 4-пунктунун а) пунктчасын, 5-пунктту, 45-беренесинин 10-пунктунун а) пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 6, 28, 30-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 003 (Железнодорожный ш.), № 010 ( Екатеринбург ш.), № 011 (Екатеринбург ш.), № 013 (Омск ш.), № 014 (Тюмень ш.) шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына бузууларга жол берген адамдарга карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.