Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 26 мая 2009 года № 170 "О гарантированных государственных минимальных социальных стандартах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-05-26.
Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 26-майындагы № 170 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 7-августу № 149
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик минималдуу социалдык
стандарттар жөнүндө
2006-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
I глава
Жалпы жоболор
1-статья. Жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам калктын эњ маанилүү турмуштук керектөөлөрүн камсыз кы-
лууга керек болгон мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды укук-
тук жактан жөнгө салуу, белгилөө жана колдонуу негиздерин аныктайт.
2-статья. Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндөгү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндөгү мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамынан жана буларга
ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка
ченемдик укуктук актылардан турат.
Ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбес-
тен жањы мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды белгилөөгө жол
берилбейт.
3-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарт (мындан ары - социалдык
стандарт) - топтолгон мамлекеттик бюджеттен каржылоонун эсебинен камсыз
кылынуучу жана норма менен норматив түрүндө туюндурулуучу, жалпыга жет-
киликтүү, акысыз жана жењилдетилген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана
төлөмдөрдү берүүнүн кепилдиктеринин минималдуу дењгээли.
Минималдуу керектөө бюджети - адамдын керектөөсүн жол берилген ми-
нималдуу дењгээлде камсыз кылуучу азык-түлүк жана азык-түлүк эмес то-
варлар менен тейлөө кызматтарынын наркын аныктоочу, мамлекет тарабынан
дайыма белгиленип туруучу көрсөткүч.
Негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөө нормасы - расмий
белгиленген жана милдеттүү деп табылган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн
тартиби, социалдык стандарттардын ишке ашырылышын камсыз кылуучу сапат
же сан жагындагы көрсөткүч.
Социалдык стандарттардын минималдуу бюджет менен камсыз кылынышы-
нын нормативи - социалдык стандарттарды камсыз кылууга болгон бюджеттик
каражаттардагы керектөөнүн эсептешүү көрсөткүчү.
Социалдык стандарттардын тутуму - социалдык чөйрөнүн ар түрдүү
тармактарына белгиленген социалдык стандарттардын өз ара байланышкан
комплекси.
Жарандардын социалдык укуктары - жашоо тиричилигин камсыз кылууга
керектелүүчү негизги материалдык жыргалчылыктар менен кызмат
көрсөтүүлөргө кепил болуучу укуктар;
Социалдык чөйрө - жарандардын социалдык укуктарын ишке ашыруу бо-
юнча мамилелердин тутумунун жөнгө салынышы.
Жашоо дењгээли - калктын жашоо тиричилигине зарыл болгон ке-
ректөөлөрүн камсыз кылуучу материалдык жана руханий жыргалчылыктар ме-
нен кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысы.
4-статья. Социалдык стандарттарды белгилөөнүн милдеттери жана
принциптери
Социалдык стандарттарды белгилөө төмөндөгүдөй милдеттерди чечүүгө
багытталган:
- мамлекет тарабынан жарандардын негизги материалдык жана руханий
жыргалчылыгы менен тейлөө кызматтарына болгон керектөөлөрүнүн кепилдик
берилген нормаларын аныктоо жана аларды этап-этап менен жогорулатуу;
- бирдиктүү мамлекеттик социалдык саясат жүргүзүү жана региондор
боюнча материалдык жана руханий жыргалчылыктар менен тейлөө кызматтарын
алууну камсыз кылуу шарттарын тењдештирүүнүн негизинде социалдык жактан
өнүгүү дењгээлинин айрымачылыктарынын болушуна жол бербөө;
- региондор боюнча калктын жашоо дењгээлин жана анын жогорулашынын
шарттарын баалоо;
- бюджеттик каражаттарды жана социалдык жактан кызмат
көрсөтүүлөргө берилүүчү дагы башка каражаттарды пайдалануунун натыйжа-
луулугун жогорулатуу;
- калк муктаж болгон даректүү мамлекеттик колдоонун зарылдыгын не-
гиздөө.
Социалдык стандарттарды түзүүнүн жана колдонуунун негизги принцип-
тери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу;
- социалдык стандарттардын мамлекеттик социалдык саясаттын негизги
багыттарына шайкеш келиши;
- социалдык стандарттардын социалдык жана экономикалык жактан не-
гизделгендиги;
- чыњдалган мамлекеттик бюджетти түзгөн жана аткарган учурдагы со-
циалдык чыгымдардын артыкчылыгы жана милдеттүүлүгү;
- социалдык стандарттарды расмий белгилөөнүн мезгилдүүлүгү;
- социалдык стандарттарды белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн ачык-айкын-
дуулугу;
- мамлекеттик органдардын белгиленген социалдык стандарттарды сак-
тоого жоопкерчилиги.
II глава
Социалдык стандарттардын түрлөрү жана тутуму
5-статья. Мамлекеттик социалдык стандарттардын түрлөрү
Социалдык стандарттар жарандардын кепилдик берилген конституциялык
укуктарын ишке ашыруу тартибин жана көлөмүн регламенттеп туруучу нату-
ралай, нарк, убакыт жана финансы жагындагы нормалар жана нормативдер
түрүндө белгиленет.
6-статья. Социалдык стандарттардын тутуму
Социалдык стандарттардын тутумуна социалдык чөйрөнүн төмөнкүдөй
тармактарына белгиленүүчү социалдык стандарттар кирет:
- саламаттык сактоо;
- социалдык жактан коргоо;
- билим берүү;
-туракжай-коммуналдык тейлөө;
- эмгекке акы төлөө жана эмгек мамилелери;
- пенсия менен камсыз кылуу;
- калкты жана жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөк
көрсөтүү;
- экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
- укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- дене тарбиясы жана спорт.
7-статья. Саламаттык сактоо жаатындагы социалдык стандарттар
Саламаттык сактоо жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдү
аныктоону көздөйт:
- региондор боюнча мамлекеттик бюджеттен, милдеттүү медициналык
камсыздандыруу каражаттарынан бир жылда бир жашоочуга эсептелген сала-
маттык сактоону каржылоонун минималдуу дењгээлин;
- "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына ылайык эки жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
бекитилүүчү турмуштук маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медици-
налык багыттагы буюмдардын тизмегин;
- Мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча медициналык-сани-
тардык жардам көрсөтүүнүн түрлөрүн, көлөмдөрүн жана шарттарын;
- медициналык-санитардык жардам алган учурдагы жењилдикке укугу
бар категориядагы калктын тизмегин;
- санаториялык-курорттук дарылануу алган учурдагы жењилдикке укугу
бар категориядагы калктын тизмегин.
Саламаттык сактоону каржылоонун минималдуу дењгээли саламаттык
сактоо секторун мамлекеттик бюджеттин, Милдеттүү медициналык камсыздан-
дыруу (кошумча булактардын каражаттарын, анын ичинде тењ төлөөнү эсепке
албаганда) каражаттарынын эсебинен каржылоо көлөмү менен аныкталат жана
эсептешүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик финансы органдарынын макулдугу
менен саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда-
ры тарабынан жүргүзүлөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жакты-
рылат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан тиешелүү фи-
нансы жыл үчүн республикалык бюджет жана мамлекеттик социалдык камсыз-
дандыруу органдарынын бюджети жөнүндө мыйзамдар каралганда бекитилет.
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам
менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасы калкка
акысыз жана жењилдетилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн
түрлөрүн, көлөмдөрүн жана шарттарын аныктайт, жыл сайын саламаттык сак-
тоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чы-
гат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте
бекитилет.
8-статья. Социалдык жактан коргоо жаатындагы социалдык стандарттар
Социалдык жактан коргоо жаатындагы социалдык стандарттар
төмөнкүлөрдү аныктоону караштырат:
- мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн эсептешүү
көрсөткүчтөрүн;
- калкты социалдык жактан тейлөө мекемелеринин акысыз же жа-
рым-жартылай акы төлөө менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин
жана керектөө нормативдерин;
- ар түрдүү дењгээлдеги бюджеттерден калкты социалдык жактан
тейлөө мекемелерин каржылоонун нормативдерин;
- мамлекеттик социалдык жардамга муктаж болгон жарандардын катего-
рияларын.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн эсептешүү көрсөткүчтөрү аз
камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга социалдык жардам көрсөтүү
үчүн социалдык стандарт катары колдонулат, мамлекеттик жөлөкпул тутуму
аркылуу үй-бүлөнүн муктаж болуу даражасын иликтөөнү эсепке алуу менен
алардын турмуштук зарыл муктаждыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Эсептешүү көрсөткүчтөрү минималдуу керектөө бюджетинин чыныгы жеткидей
үлүшүн түзөт, ал мамлекеттин финансы-экономикалык мүмкүнчүлүгүнүн
кењейишине жараша улам өсүп турууга тийиш. Мамлекеттик жөлөкпул дайын-
доо үчүн эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн жана социалдык жактан коргоо жаа-
тындагы дагы башка социалдык стандарттардын наркынын чоњдугу жыл сайын
калкты социалдык жактан коргоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан беки-
тилет.
Социалдык жактан тейлөө кызматтарынын тизмеси төмөнкүлөрдү өзүнө
камтыйт:
- материалдык - турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү;
- тамактанууну, турмуш-тиричиликти жана бош убакытты пайдаланууну
уюштуруу боюнча тейлөөнү;
- социалдык-медициналык, санитардык-гигиеналык тейлөөнү;
- майыптарды протездик-ортопедиялык тейлөөнү, ошондой эле аларга
техникалык жана башка каражаттарды берүүнү;
- майыптарды социалдык-эмгектик реабилитациялоо менен байланышкан
кызмат көрсөтүүлөрдү;
- колунан келүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен майыптардын билим
алышын уюштурууга кызмат көрсөтүүлөрдү;
- укуктук кызмат көрсөтүүнү;
- каада-салт жагынан кызмат көрсөтүүнү.
Калкка социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөр "Кыргыз Республикасында
калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына ылайык социалдык жактан тейлөөчү уюмдардын тармагы ар-
кылуу жүргүзүлөт. Социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү керектөө норма-
тивдери адамдын кадимки жашоо тиричилиги үчүн турмуштук зарыл фактор-
лорду баалоонун чен-өлчөмдөрүнөн куралат.
Социалдык жактан тейлөө мекемелерин каржылоонун нормативдери Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Социалдык жардамга муктаж болгон жарандардын категориялары, ошон-
дой эле социалдык жагындагы кызматтар акысыз же жарым-жартылай акы
төлөнүү менен көрсөтүлө турган адамдар социалдык жактан тейлөө жөнүндө
колдонуудагы мыйзамдарда аныкталат.
9-статья. Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар
Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар катары төмөндөгүлөр
белгиленет:
- мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан мамлекеттик тапшырык-
тын жана билим берүү стандарттарынын чегинде бардык дењгээлде билим
берүүнүн нормасы катары акысыз жана жалпыга бирдей билим берүү жагында-
гы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги, эгерде жаран бул дењгээлдеги билимди
биринчи жолу алып жаткан болсо;
- негизги билим берүү программаларын камсыз кылуунун милдеттүү ми-
нималдуу нормалары жана бардык дењгээлдеги билим алуучулардын окуу
жүктөмүнүн эњ жогорку көлөмү;
- бүтүрүүчүнүн даярдыгынын дењгээлине жана окуп жатышкандардын
белгилүү бир билим берүү программаларын өздөштүрүшкөнүн тастыктоочу до-
кументтердин формасына коюлуучу талаптардын нормалары;
- жарандардын жалпыга бирдей жана мектепке чейинки билим берүү ме-
кемелеринде, кесиптик орто жана кесиптик жогорку окуу жайларында акысыз
билим алуу укуктарын ишке ашыруу тартиби жана формалары;
- акысыз билим алуу укугунан пайдаланышкан кесиптик орто жана ке-
сиптик жогорку билим берүү мекемелеринде окуп жатышкандардын санынын
(үлүшүнүн) нормативдери;
- ар кандай типтеги жана түрдөгү билим берүү мекемелерин материал-
дык, кадр жана техникалык жактан камсыз кылуу нормалары жана норматив-
дери;
- билим берүү мекемелериндеги балдардын тамактануу нормалары;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон адамдарга акысыз
атайын билим берүү тартиби;
- балдарды окуу китептери менен камсыз кылуунун нормативдери.
Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар "Билим берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат жана билим берүүнү баш-
каруунун мамлекеттик борбордук органы тарабынан бекитилет.
10-статья. Турак жай-коммуналдык тейлөө жаатындагы социалдык
стандарттар
Турак жай-коммуналдык тейлөө жаатындагы социалдык стандарттар ка-
тары төмөнкүлөр белгиленет:
- турак жай аянтынын социалдык нормасы;
- калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык тейлөө кызматтарынын тизмеги жа-
на нормативдери;
- жарандардын турак жай жана коммуналдык тейлөө кызматына
төлөгөнгө кетүүчү жол берилген эњ жогорку чыгымдарынын үлүшү үй-бүлөнүн
жыйынды кирешесинин пайызы менен;
- калктын кирешеси төмөн топторуна турак жай субсидияларын берүү
тартиби;
- бир айда 1 чарчы м. турак жайга берилүүчү турак жай-коммуналдык
тейлөө кызматтарынын жеткен чегинин наркы;
- турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтары акысыз же жарым-жартылай
акы төлөнүү менен берилүүчү жарандардын категориялары;
- турак жай алууга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж бол-
гон жарандардын эсебин алуу тартиби;
- бир адамга эсептегенде турак жай жана жалпы аянт менен камсыз
кылуунун нормасы.
Турак жай-коммуналдык кызматтары турак жайды жана киши жүрчү лифт-
ти техникалык жактан тейлөөнү, ысык жана муздак суулардын, электр-жылу-
улук энергиясынын, газдын берилишин, пайдаланган суунун агып кетишин,
радио жана жамааттык антенна менен камсыз кылууну, турмуш-тиричилик
таштандыларынын ташылып турушун өзүнө камтыйт.
Жарандардын турак жай жана коммуналдык тейлөө кызмат акысынын эњ
жогорку чеги катары кабыл алынган чыгымдарынын үлүшү үй-бүлөнүн жыйынды
кирешесинин пайызы менен, ошондой эле бир айда 1 чарчы м. турак жайга
берилүүчү турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтарынын жогорку чегинин
наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Калктын кирешеси төмөн топторуна турак жай субсидиялары менен ком-
пенсацияларды берүү тартиби жана үй-бүлөлөр менен жарандар үчүн турак
жай аянтынын социалдык нормасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жер-
гиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
Турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтары акысыз жана жарым-жартылай
акы төлөө менен берилүүчү жарандардын категориялары Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
11-статья. Эмгекке акы төлөө жана эмгек мамилелери жаатындагы
социалдык стандарттар
Эмгекке акы төлөө жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдү
белгилөөнү караштырат:
- эњ төмөнкү жашоо каражатынын көлөмүнө карата аныктала турган
дењгээлдеги эмгек акынын минималдуу өлчөмүн;
- дем алыш жана майрам күндөрү; белгиленген мөөнөттөн ашык же
түнкүсүн иштегендик, зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттарында жана оор
жумуштарда иштегендик үчүн эмгек акы төлөө тартибин;
- инфляция белгиленген дењгээлден ашып кеткен учурда эмгек акыны
индексациялоо тартибин.
Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдүн
белгиленишин карайт:
- бир жума, ай, жыл ичиндеги жумуш убактысынын нормаларын, жумуш
сааттарынын санынын;
- жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү өргүүлөрдүн узактыгын;
- эмгек жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек
коопсуздугун жана эмгекти коргоону камсыз кылууга карата милдеттүү
түрдөгү талаптарды;
- эмгектин шарттары боюнча кепилдиктер, жењилдиктер жана компенса-
циялар.
Эмгекке акы төлөө жана эмгек мамилелери жаатындагы социалдык стан-
дарттар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана башка ченемдик укук-
тук актылар менен белгиленет.
12-статья. Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык
стандарттар
Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар
төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:
- жарандардын ар түрдүү категорияларына пенсия дайындоо үчүн анын
курагын, камсыздандыруу стажынын улантылышын;
- пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн;
- аскер кызматчыларынын пенсияларынын эњ аз өлчөмүн;
- пенсиялардын өлчөмүнө карата үстөктөрдү жана компенсацияларды;
- пенсияларды индексациялоо тартибин:
- пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө тартибин.
Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар "Мамле-
кеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык соци-
алдык камсыздандыруу жөнүндө", "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз
кылуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес пенсия-
лык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиле-
нет. Пенсия менен камсыз кылууну жана камсыздандырууну каржылоо көлөмү
тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жана мамлекеттик социал-
дык камсыздандыруу органынын бюджети жөнүндө мыйзамдар каралганда жыл
сайын бекитилет. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү Кыргыз Республикасынын
Пенсиялык фондунун каражаттарынан каржыланат жана камсыздандырылган жа-
рандын эмгектенүүсүнүн жүрүшүндөгү камсыздандыруу чегериминин көлөмүнөн
аныкталат.
13-статья. Калкты жана жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу
жаатындагы социалдык стандарттар
Калкты жана жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу жаатындагы
социалдык стандарттар төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:
- убактылуу материалдык колдоо көрсөтүү үчүн расмий каттоодон
өткөн жумушсуз жарандарга мамлекеттик кепилдик катары колдонулуучу жу-
мушсуздук базалык жөлөкпулду. Базалык жөлөкпулдун өлчөмү мамлекеттик
социалдык камсыздандыруу органынын бюджети жөнүндө мыйзамды бекиткен
учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет;
- жумуш издеген жарандарга же жумушсуздарга калкты иш менен камсыз
кылуу мамлекеттик кызматтары тарабынан калкты иш менен камсыз кылууга
көмөктөшүү боюнча көрсөтүлүүчү тейлөө кызматтарынын төмөнкүдөй
түрлөрүнүн тизмегин:
- жумуш берүүчүлөр тарабынан билдирилген бош жумушчу орундар
жөнүндө маалыматтар;
- ишсиз калкты кесиптик даярдоо жана кайра даярдоонун алкагындагы
окутуу курстары жөнүндө маалыматтар;
- калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарынын маселелери боюнча консультациялар.
Жумушсуз жарандарга төмөнкүдөй кошумча тейлөө кызматтары
көрсөтүлөт:
- кесиптик даярдоо, кайра даярдоо курстарында окутуу жана окуунун
жүрүшүндө стипендия алуу;
- өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу жана жеке бизнес уюштурууда кон-
сультация берүү кызматтары жана финансы жагынан колдоо көрсөтүү кызмат-
тары;
- акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу боюнча программаларга
катышуу мүмкүнчүлүгү;
- айыл жеринде коомдоштуктун демилгелерин колдоо жолу менен иш ме-
нен камсыз кылуу;
- жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө.
Калкты иш менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамы менен белгиленет. Калкты иш менен камсыз кылууга
көмөктөшүү боюнча тейлөө кызматтары калкты иш менен камсыз кылуунун
мамлекеттик кызматтары тарабынан Калкты иш менен камсыз кылууга
көмөктөшүү фондунун, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кара-
жаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
14-статья. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы
социалдык стандарттар
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы социалдык стан-
дарттар төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:
- айлана-чөйрөнүн сапат нормативдер тутумун;
- жарандарга айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө так маалымат берүү тар-
тибин;
- экологиялык коопсуздук бузулган учурда жарандардын ден соолугуна
же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин.
Айлана-чөйрөнүн сапат нормативдер тутуму төмөнкүлөрдү өзүнө кам-
тыйт:
- атмосфералык абада, сууда, кыртышта жана жер астында зыяндуу
заттардын концентрациясынын жол берилген акыркы чегинин нормативдерин;
- жараксыз жана зыяндуу калдык заттардын жол берилген чегинин нор-
мативдерин;
- радиациялык таасирдин жол берилген чегинин нормативдерин;
- айлана-чөйрөгө оордук келтирүү дењгээлинин жол берилген чегинин
нормативдерин;
- санитардык жака коргоо зоналарынын нормативдерин;
- пайдаланылып жаткан жаратылыш ресурстарына стандарттарды;
- дүрүлдөө, дирилдөө, электр магнит талааларынын термелүү жана
башка зыяндуу таасиринин дењгээлдеринин жол берилген чегинин норматив-
дерин;
- айыл чарбасында химикаттарды колдонуунун жол берилген чегинин
нормативдерин;
- тамак-аш азыктарындагы химиялык концентрациялардын, уулуу, кан-
церогендик заттардын жана биологиялык кошулмалардын жол берилген чеги-
нин нормативдерин.
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы стандарттар "Ай-
лана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бел-
гиленет. Айлана-чөйрөнүн сапат нормативдери айлана-чөйрөнү коргоонун
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет.
15-статья. Укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз
кылуу жаатындагы социалдык стандарттар
Укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында-
гы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:
- 1 мињ жашоочуга коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу милиция кыз-
маткерлеринин сан жагындагы нормативдерин, анын ичинде:
- милициянын участкалык инспекторлорун;
- кайгуул-күзөт кызматындагы милиционерлердин;
- мамлекеттик автоинспекторлордун;
- жол-кайгуул кызматындагы инспекторлордун;
- өрткө каршы мамлекеттик кызмат инспекторлорунун сан жагындагы
нормативдерин;
- укук тартибин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер орган-
дары тутумунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш чараларын каржылоо-
нун минималдуу дењгээлин.
Милиция кызматкерлеринин жана өрткө каршы мамлекеттик кызмат инс-
пекторлорунун сан жагындагы нормативдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик
финансы органдарынын макулдугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички
иштер органдары тарабынан өлчөнөт жана бекитилет.
Ички иштер органдарын каржылоонун минималдуу дењгээли коомдук тар-
типти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылууга, кылмыштуулук
менен күрөшүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы
контролдоо-уруксат берүү чараларын; эсепке алуу-каттоо жана сынак ишин
жүзөгө ашырууга; өрт коопсуздугунун абалына көзөмөлдү камсыз кылууга
жана өрт өчүрүүнү ишке ашырууга республикалык бюджеттен берилген кара-
жаттардын көлөмү менен аныкталат. Укук коргоо органдарын каржылоонун
минималдуу дењгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик финансы органдарынын
макулдугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органдары тара-
бынан өлчөнөт жана тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет
жөнүндө мыйзамды караганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тара-
бынан бекитилет.
16-статья. Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттар
Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттар
төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:
- белгиленген мамлекеттик билим берүү программаларынын алкагында
окуп жатышкандардын өсүп жетилишин материалдык, кадр жана техникалык
жактан камсыз кылуунун нормаларын жана нормативдерин;
- спорт курулмаларынын бир мезгилде өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнүн
нормативдерин;
- спорт багытындагы товарларды өндүрүүнүн нормативдерин;
- балдар менен өспүрүмдөрдүн спорт мектептерине окуучуларды тартуу
нормативдерин;
- спорттук резервди, жогорку спорт чеберлерин даярдоо тутумуна
окуучуларды тартуу нормаларын;
- спорттук курулмаларды алардын түрлөрү боюнча: спорттук имарат-
тар, жалпак курулмалар менен камсыз кылуу нормативдерин;
- атайын билим берүү мекемелериндеги жана олимпиадалык резервдеги
балдарды тамактандыруу нормаларын;
- дене тарбия жана спорт менен машыгуу кепилдиктерин камсыз кылуу
үчүн калкты каржылоонун минималдуу дењгээлин.
Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттар "Дене тар-
бия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө са-
лынат. Калктын өсүп жетилишин жана спортту каржылоонун минималдуу
дењгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик финансы органдарынын макулдугу ме-
нен дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тара-
бынан өлчөнөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылат жана
тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кара-
ганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет.
III глава
Минималдуу керектөө бюджети
17-статья. Минималдуу керектөө бюджетин дайындоо
Минималдуу керектөө бюджети ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн айрым соци-
алдык стандарттарды аныктоо, ошондой эле калктын жашоо дењгээлин баалоо
жана өзгөрүшүн болжолдоо үчүн пайдаланылат.
18-статья. Минималдуу керектөө бюджетинин түрлөрү
Минималдуу керектөө бюджети төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- орто эсеп менен калктын жан башына;
- орто эсеп менен калктын негизги социалдык-демографиялык тобунда-
гы бир адамга.
Минималдуу керектөө бюджети төмөнкүдөй социалдык-демографиялык
топтор боюнча эсептелип чыгарылат:
- эмгекке жарамдуу курактагы чоњ адамдар;
- эмгекке жарамсыз курактагы чоњ адамдар (пенсионерлер);
- 17 жашка чейинки балдар.
Минималдуу керектөө бюджети орто эсеп менен квартал сайын респуб-
лика жана региондор боюнча статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органы тарабынан эсептелет. Минималдуу керектөө бюджети жөнүндөгү маа-
лымат статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бюллетенде-
ринде жарыяланат.
19-статья. Минималдуу керектөө бюджетинин түзүмү жана аны түзүү
тартиби
Минималдуу керектөө бюджетинин түзүмүнө минималдуу чек катары ка-
был алынган дењгээлде адам баласынын керектөөсүн канааттандыруучу жана
анын жашоо тиричилигин камсыз кылуучу товарлардын, тейлөө кызматтарынын
жана милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар боюнча чыгымдардын топтому кирет.
- тамак-аш азыктары;
- азык-түлүк эмес товарлар;
- маданий-турмуш-тиричилик жана чарба багытындагы товарлар;
- кызмат көрсөтүүлөр;
- милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар боюнча чыгымдар.
Минималдуу керектөө бюджетинин түзүмүн түзүү орто эсеп менен рес-
публика жана региондор боюнча табигий-климаттык шарттарды, тамак-аш
азыктарын, азык-түлүк эмес товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайда-
лануудагы улуттук салттар менен жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу
менен ишке ашырылат. Негизги социалдык-демографиялык топтогу калкка жа-
на калктын жан башына туура келүүчү минималдуу керектөө бюджетинин
көлөмүн эсептөө методикасы социалдык жактан коргоонун ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органы тарабынан статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органы жана кесиптик бирликтер менен жумуш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүктүү
органдары менен биргеликте иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан бекитилет. Тамак-аш азыктарына, азык-түлүк эмес товар-
ларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын жана тарифтеринин
дењгээлин аныктоо үчүн минималдуу керектөө бюджетин эсептеген учурда
товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан бекитилет.
20-статья. Минималдуу керектөө бюджетин бекитүү
Минималдуу керектөө бюджетинин көлөмүнүн наркы статистиканын ыйга-
рым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан эсептелип чыгат жана жылына
бир жолу, ал эми квартал ичинде орточо айлык инфляция үч пайыздан ашкан
учурда квартал бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
бекитилет.
IV глава
Мамлекеттик социалдык стандарттарды белгилөө
жана колдонуу жаатындагы мамлекеттик бийлик жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым
укуктары
21-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ыйгарым
укуктары
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына милдеттүү болуп саналган
жарандардын социалдык кепилдиктеринин дењгээлин аныктоочу мыйзамдар ак-
тылары менен жалпы мамлекеттик программаларды кабыл алуу жана социалдык
стандарттардын толук сакталышын камсыз кылуучу республикалык бюджетти
жыл сайын бекитүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин карамагына
кирет.
22-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына төмөндөгүлөр кирет:
- социалдык жактан камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик
саясатты жүргүзүү;
- социалдык мамилелердин ар кандай чөйрөсүндө мыйзамдуулукту,
ошондой эле алардын ресурс жагынан камсыз болушун камсыз кылуу боюнча
чечимдерди кабыл алуу;
- бюджетти жана эњ зарыл турмуштук керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн
социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу;
- социалдык стандарттардын сакталышына контролду ишке ашыруу ор-
гандарын жана тартибин аныктоо.
23-статья. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым
укуктары
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагына финансы жа-
на материалдык ресурстарды максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзүүнү
кошо эсептегенде, турак жай-коммуналдык тейлөө жаатындагы социалдык
стандарттарды иштеп чыгуу жана социалдык стандарттардын сакталышын кам-
сыз кылуу кирет.
Өзүнүн финансы жана материалдык ресурстары болгон учурда жерги-
ликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик минималдуу социалдык
стандарттардан ашкан жергиликтүү социалдык стандарттарды белгилөөгө
укуктуу.
V глава
Социалдык стандарттарды белгилөө
жана колдонуу тартиби
24-статья. Социалдык стандарттарды белгилөө
Социалдык стандарттар ушул Мыйзамда белгиленген мезгилдин аралы-
гында финансы жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макул-
дашуу боюнча алардын компетенциясынын чегинде аткаруу бийлигинин бор-
бордук же аймактык органдары тарабынан эсептелип чыгат.
Минималдуу бюджеттик камсыз кылуу ченемдери мамлекеттик минималдуу
социалдык стандарттардын, демографиялык жана экономикалык
көрсөткүчтөрдүн, баа дењгээлинин негизинде эсептелип чыгат жана жыл са-
йын "Республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иш-
теп чыккан учурда караштырылат.
25-статья. Социалдык стандарттарды колдонуу
Социалдык стандарттар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин
социалдык статьяларын түзүү жана аткаруу үчүн негиз болуп саналат.
26-статья. Социалдык стандарттарды кайра кароо
Социалдык стандарттар натуралай түрүндө беш жылда кеминде бир жолу
каралат жана мурда кабыл алынгандан төмөн болбогон өлчөмдө бекитилет.
Социалдык стандарттар нарк түрүндө, эгерде ушул Мыйзамда айрым со-
циалдык стандарттар үчүн башкача каралбаса, керектөө бааларынын индек-
син эсепке алуу менен жыл сайын кайра каралып турат.
VI глава
Корутунду жоболор
27-статья. Социалдык стандарттардын сакталышы үчүн жоопкерчилик
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдары жана кесиптик бирликтер социалдык стандарттардын
сакталышына контролду ишке ашырат жана өздөрүнүн башкаруу чегине жана
ыйгарым укуктарына ылайык социалдык стандарттардын сакталышына жооптуу
болушат.
Бул Мыйзамдын жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-
гиленген тартипте жарандар өздөрүнүн таламдарын жана укуктарын коргоодо
жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерине коом-
дук контролду жүзөгө ашырууда жетекчиликке алышат.
Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды камсыз кылууну жана
сактоону контролдоо ачык-айкындык принцибинин негизинде парламенттик,
администрациялык жана коомдук контроль түрүндө ишке ашырылууга тийиш.
28-статья. Ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын
катышы
Ушул Мыйзамдын жоболору социалдык стандарттары аныктоо маселелери
боюнча мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу
жана кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамда каралган социалдык
стандарттар жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун үч айлык
мөөнөттө иштеп чыксын.
Социалдык стандарттар жөнүндө мурда чыгарылган мыйзамдар жана баш-
ка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамда белгиленген мезгилдүүлүгүнө
жараша кайрадан каралууга тийиш.
29-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. "Минималдуу керектөө бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењештин Ведомосттору, 1993-ж.,
№ 6, 152-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (8)
- Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 170
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык…Постановление · 28.04.2026 · № 299
- кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы №333 "Кыргыз Республикасында калктын негизги социалдык-демографиялык топтору жана бир адам үчүн минимум керектөө…Постановление · 15.08.2007 · № 333
- Постановление Правительства КР от 7 июля 2003 года № 416 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О государственных минимальных социальных стандартах"Постановление · 07.07.2003 · № 416 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-мартындагы №172 ""Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө"…Постановление · 12.03.2009 · № 172 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин интернат үйлөрүндө жана Майыптарды…Постановление · 30.12.2007 · № 640 · Күчүн жоготкон
- О минимальном потребительском бюджетеЗакон · 06.05.1993 · № 1190-XII · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 667 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.12.2019 · № 667 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 170
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 23.10.2007 · № 510 · Күчүн жоготкон