12-статья. Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык
Күчүн жоготкон · 26.05.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 мая 2009 года № 170.
стандарттар
Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар
төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:
- жарандардын ар түрдүү категорияларына пенсия дайындоо үчүн анын
курагын, камсыздандыруу стажынын улантылышын;
- пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн;
- аскер кызматчыларынын пенсияларынын эњ аз өлчөмүн;
- пенсиялардын өлчөмүнө карата үстөктөрдү жана компенсацияларды;
- пенсияларды индексациялоо тартибин:
- пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө тартибин.
Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар "Мамле-
кеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык соци-
алдык камсыздандыруу жөнүндө", "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз
кылуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес пенсия-
лык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиле-
нет. Пенсия менен камсыз кылууну жана камсыздандырууну каржылоо көлөмү
тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жана мамлекеттик социал-
дык камсыздандыруу органынын бюджети жөнүндө мыйзамдар каралганда жыл
сайын бекитилет. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү Кыргыз Республикасынын
Пенсиялык фондунун каражаттарынан каржыланат жана камсыздандырылган жа-
рандын эмгектенүүсүнүн жүрүшүндөгү камсыздандыруу чегериминин көлөмүнөн
аныкталат.
Берененин тексти 26.05.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1948/st-12" title="12-статья - Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>