Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Көзөмөлдөө-текшерүү тобу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2015 года № 96 "Об утверждении Положения "О деятельности контрольно-ревизионной группы при Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики в ходе подготовки и проведения выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-28.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 96 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 24-августу № 176 Көзөмөлдөө-текшерүү тобу жөнүндө 2010-жылдын 10-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 52-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 10-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында Көзөмөлдөө текшерүү топ жөнүндө" Жобо бекитилсин.
2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыкова бекитилсин.
3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын кароосуна көзөмөлдөө текшерүү тобунун сапаттык курамы боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
5. 2008-жылдын 7-августундагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын № 38 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыковага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана…Постановление · 28.07.2015 · № 96
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон