Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Курч кырдаал сакталган жерлерде жашаган жарандардын Референдумда катышууга укуктарын камсыз кылуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 21-июну № 106 Курч кырдаал сакталган жерлерде жашаган жарандардын Референдумда катышууга укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 16-июнундагы №72 Декретин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына, 42-беренсинин 1-, 2-пункттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Курч кырдаал сакталган жерлерде жүргөн референдумдун участкалык комиссиялары өзгөчө учурларда добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерлерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө оозеки кайрылуулар боюнча референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын жүргөн жери боюнча добуш берүүнү уюштурсун. 2 Референдумдун участкалык комиссиялары бардык берилген арыздарды (кайрылууларды) атайын реестрде каттоону уюштурсун. 3 Тийиштүү райондордун укук коргоо органдары жайдан тышкары добуш берүү үчүн референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн референдумдун участкалык комиссияларынын ишинин коопсуздугун камсыз кылсын. 4 «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана маалыматтык агенттиктердин сайтында жайгаштырылсын. 5 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.А.Скрипкинага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон